# 1-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202196)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 162 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 09.11.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.11.2007
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202196/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3634/edition/329372/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202196/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.11.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 1-статья (09.11.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202196/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко- дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 389-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"389-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын режимин бузуу Адамдар жана (же) транспорт каражаттары тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү тартибинин бузулушу же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мамлекеттик чек арадан өткөрүү пунктуна чейин жана кайра кайтуу багытында ушундай адамдардын жана (же) транспорт каражаттарынын жүрүү тартибин бузушу, - жарандарга - онго чейинки эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет. Ошол эле аракеттер чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан жасалганда, - Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечим менен же анысы жок онго чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында юридикалык жана жеке жактардын ар кандай иштерди, өндүрүштүк жана дагы башка ишти жүргүзүүнүн тартибин бузушу, - жарандарга - эскертүү же бештен онго чейинки эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына - ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет. Ошол эле аракеттер кайталанып жасалганда, - ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 28-глава төмөнкүдөй мазмундагы 389-1, 389-2, 389-3-статьялар менен толукталсын:

"389-1-статья. Чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде чек ара режимин бузуу Чек ара зонасына кирүү (өтүү), убактылуу болуу, жашоо, чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде барып келүү эрежелерин адамдардын жана (же) транспорт каражаттарынын бузушу, - эскертүүгө же бирден бешке чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.

---

Кийинки берене: [389-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202196/st-389-2)
