# 86-берене. Жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоонун

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202192)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы № 158 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3630/edition/354003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202192/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу, 86-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-86

---

жыйынтыктарын чыгаруу жана натыйжаларын аныктоо

1. Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде ок-

ругдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү кењешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыктарын чыгарат жана тез арада аларды Борбордук шайлоо комиссия- сына берет, анын натыйжасын бүткүл республика боюнча аныктайт.

2. Тиешелүү шайлоо округунун добуш берүүгө катышкан шайлоочулары-

нын эњ көп сандагы добушун алган талапкерлер (мандаттын санына ылайык) шайланды деп табылат. Талапкерлер алган добуштар тењ болуп калган учур- да мурда катталган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде талапкерлер бир күнү катталган болсо, маселе чүчүкулак өткөрүү жолу менен чечилет.

3. Жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоонун натыйжасы округ-

дук шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоонун натыйжасы аныкталган күндөн тартып он күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

4. Округдук шайлоо комиссиялары тиешелүү аймакта шайлоонун натый-

жалары жарыялангандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жер- гиликтүү кењештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укук- тарды токтотуу жөнүндө арызды алгандан кийин шайланган депутаттарды үч күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга шайлангандыгы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет.

5. Эгерде сот шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун топто-

гон талапкерге карата кылмыш ишин өндүрүшкө кабыл алган болсо жана шай- лоонун натыйжаларын аныктаганга чейин иш боюнча тиешелүү соттук актыны чыгарбаса, шайлоо комиссиясы кылмыш иши боюнча соттук чечим чыгарылган- га чейин шайланган талапкерди депутат деп каттоону токтото турат.

---

Мурунку берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-85)  
Кийинки берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-87)
