# 69-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202192)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы № 158 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3630/edition/354003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202192/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу, 69-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-69

---

шайлоону дайындоо

1. Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар Кыргыз

Республикасынын жараны Жогорку Кењештин депутаты болуп шайлана алат.

2. Жогорку Кењештин депутаты бирдиктүү шайлоо округу боюнча про-

порционалдуу система боюнча беш жылга шайланат.

3. Жогорку Кењешке кезектеги шайлоолор шайлоо күнүнө чейин 75 ка-

лендарлык күндөн эрте эмес жана 60 календарлык күндөн кеч эмес мөөнөттө Президент тарабынан дайындалат жана мурдагы шайланган Жогорку Кењештин конституциялык мөөнөтү аяктап жаткан айдын биринчи жекшембисинде өткө- рүлөт.

4. Конституцияда каралган башка учурларда да жана тартипте Прези-

дент Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоону жањы шайланган Жогорку Ке- њеш өзүнүн биринчи жыйналышына мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо күнү- нөн тартып 60 жумушчу күндөн кечиктирбестен чогулушу үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун учурунда ушул Ко- дексте белгиленген шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат.

5. Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо күнүн дайындоо жөнүндөгү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы Президент кол койгон күн- дөн тартып 3 календарлык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш.

6. Эгерде Президент ушул берененин 3, 4-пункттарында көрсөтүлгөн

мөөнөттө Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоону дайындабаса, анда Жо- горку Кењештин депутаттарын шайлоо дайындалды деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы 2 календарлык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо кара- жаттарында Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоону өткөрүү датасын рас- мий жарыялайт жана ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө шайлоону өткөрөт.

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-70)
