69-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
шайлоону дайындоо
1. Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар Кыргыз
Республикасынын жараны Жогорку Кењештин депутаты болуп шайлана алат.
2. Жогорку Кењештин депутаты бирдиктүү шайлоо округу боюнча про-
порционалдуу система боюнча беш жылга шайланат.
3. Жогорку Кењешке кезектеги шайлоолор шайлоо күнүнө чейин 75 ка-
лендарлык күндөн эрте эмес жана 60 календарлык күндөн кеч эмес мөөнөттө Президент тарабынан дайындалат жана мурдагы шайланган Жогорку Кењештин конституциялык мөөнөтү аяктап жаткан айдын биринчи жекшембисинде өткө- рүлөт.
4. Конституцияда каралган башка учурларда да жана тартипте Прези-
дент Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоону жањы шайланган Жогорку Ке- њеш өзүнүн биринчи жыйналышына мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо күнү- нөн тартып 60 жумушчу күндөн кечиктирбестен чогулушу үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун учурунда ушул Ко- дексте белгиленген шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат.
5. Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо күнүн дайындоо жөнүндөгү
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы Президент кол койгон күн- дөн тартып 3 календарлык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш.
6. Эгерде Президент ушул берененин 3, 4-пункттарында көрсөтүлгөн
мөөнөттө Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоону дайындабаса, анда Жо- горку Кењештин депутаттарын шайлоо дайындалды деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы 2 календарлык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо кара- жаттарында Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоону өткөрүү датасын рас- мий жарыялайт жана ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө шайлоону өткөрөт.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
69-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-69" title="69-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>