# 68-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202192)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы № 158 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3630/edition/354003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202192/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу, 68-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-68

---

киришүүсү

1. Президентти шайлоонун натыйжалары шайлоо аяктагандан тартып 7

күндөн кечиктирбестен Конституциялык Сот тарабынан ырасталууга тийиш. Конституциялык Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын протоколдоруна негизделген шайлоонун на- тыйжаларын аныктоо жөнүндөгү чечимин карап чыгат жана Президентти шай- лоонун конституциялуулугу жөнүндө корутунду берет.

2. Конституциялык Соттун Президентти шайлоонун конституциялуулугу

жөнүндөгү корутундусу Конституциялык Соттун Төрагасы тарабынан жарыяла- нат жана шайланган Президент 30 күндүн ичинде Жогорку Кењештин депутат- тарынын катышуусунда Кыргызстандын элине ант берет. Президентти шайлоо- нун натыйжасын расмий жарыялоону Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарына Президенттин шайлангандыгынын конституциялуулу- гу жөнүндө Конституциялык Сот корутунду бергенден кийин үч күндүн ичин- де жарыялайт.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы шайланган Президентти каттайт жана

Президент кызматына киришип жатканда ага Президент болуп шайлангандыгы тууралуу күбөлүктү, айырмалоо белгилерин - Президенттин төшбелгисин жа- на фамилиясы, аты-жөнү, ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн даталары чегилип жазылган Штандартын (желегин) тапшырат.

4. Шайланган Президент белгиленген мөөнөттө ант бербеген учурда

Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттин кызматка киришүүсүнүн жол-жо- болорун уюштурат.

XII глава Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын шайлоо

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-69)
