# 58-берене. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202192)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы № 158 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3630/edition/354003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202192/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу, 58-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-58

---

1. Кыргыз Республикасынын Президенти беш жылдык мөөнөткө шайланат.

2. Бир эле адам удаасы менен эки мөөнөттөн ашык Президент болуп

шайлана албайт.

3. Президент болуп курагы 35 жашка толгон жана 65 жаштан ашпаган,

мамлекеттик тилди билген, республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

4. Президентти шайлоо Жогорку Кењеш тарабынан шайлоо күнүнө чейин

кеминде төрт ай мурда дайындалат жана иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтү аяктап жаткан айдын биринчи жекшем- бисинде өткөрүлөт.

5. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо Кыргыз Республикасынын Кон-

ституциясында белгиленген учурларда жана тартипте Жогорку Кењеш тарабы- нан дайындалат жана Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган учурдан тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш. Мында Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган учурдан тартып үч ай аяктаар алдындагы акыркы жек- шемби шайлоо күнү болуп саналат. Бул учурда, ушул Кодексте белгиленген шайлоо аракеттеринин мөөнөтү төрттөн бирге кыскарат.

6. Президентти шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Жогорку Кењештин ток-

тому, ал кабыл алынган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде жалпы- га маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш.

7. Эгерде Жогорку Кењеш Президентти шайлоону ушул берененин 4,

5-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттө дайындабаса, Президентти шайлоо дайындалды деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы Президентти шай- лоону өткөрүү датасын 2 календарлык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо ка- ражаттарына расмий жарыялайт жана ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө шайлоону өткөрөт.

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-59)
