# 51-берене. Шайлоо фонддору

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202192)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы № 158 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3630/edition/354003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202192/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу, 51-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-51

---

1. Талапкерликке көрсөтүлгөн учурдан тартып жарандар каттоо үчүн

документтерди сунуш кылганга чейин шайлоо алдындагы кампанияны финансы- лоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт. Талапкерлердин тизмесин көр- сөткөн саясый партиялар өздөрүнүн шайлоо кампаниясын финансылоо үчүн алардын финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү ушул Кодекстин 26-беренесинде каралган тартипте шайлоо комиссиясы тарабынан катталган- дан кийин беш календарлык күндүн ичинде шайлоо фонддорун түзөт. Талап- кер, талапкерлердин тизмеси катталбаган учурда шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттар аларды берген жана которгон уюмдарга жана адамдарга кайра кайтарылат. Талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партиялар округдук шайлоо комиссиялары аларды каттагандан кийин шайлоо алдындагы үгүт иштерин финансылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорунун ачылган эсе- бин жүргүзүүнү улантат. Талапкерлердин тизмесинин курамында добушка коюлган талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча жергиликтүү кењештердин де- путаттыгына талапкерлер эгерде алар үгүт ишин жүргүзүүдө телекөрсөтүү- нү, радиону, мезгилдүү басылмаларды акы төлөө негизинде пайдаланбаса жана басылма үгүт материалдарын чыгарбаса, ошондой эле алар белгилүү материалдык чыгымдарды (финансылоону) талап кылган жеке жана юридикалык жактардын кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланбаса, шайлоо фонддорун түзбөй коюуга укуктуу.

2. Талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддору төмөнкүдөй

каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

- талапкердин, саясый партиянын өз каражаттарынан;

- ушул берененин 3-пунктунда саналган жактарды кошпогондо, жаран-

дардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн.

3. Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу берүүлөрүнө жол бе-

рилбейт:

- чет мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекеме-

лердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алар- дын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын, Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуучусу болуп саналган юридикалык жактардын;

- жарандыгы жок адамдардын;

- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча баш-

каруу органдарынын;

- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын;

- уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүшү болгон,

ошондой эле салыктарды, жыйымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү тө- лөө боюнча жењилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардын;

- аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;

- укук коргоо органдарынын, соттордун;

- кайрымдуулук уюмдарынын;

- диний уюмдардын;

- анонимдүү тартуу кылууларга.

Талапкердин, саясый партиянын шайлоо фондуна бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карызы бар юридикалык жактардын, юри- дикалык жакты түзбөстөн ишкердик кылган жеке жактардын акча каражатта- рын кошушуна жол берилбейт. Талапкер, саясый партия көрсөтүлгөн юриди- калык, жеке жактар шайлоо фондуна акча каражаттарын которгон учурда жоопкерчилик тартпайт. Талапкердин, саясый партиянын шайлоо фондуна же- ке жана юридикалык жактар которгон акча каражаттары келип түшкөн учурда шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча банк же башка мекемелер ал каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна которууга милдеттүү.

4. Талапкердин, саясый партиянын өз каражаттарынын, талапкерге са-

ясый партия бөлгөн каражаттардын, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу берген каражатынын шайлоо фондуна чегерилүүчү эњ жогорку өл- чөмү, ошондой эле шайлоо фонддорунун каражаттарын чыгымдоонун эњ жогор- ку өлчөмү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгү менен белгиленет. Талапкерлер- дин, саясый партиялардын шайлоо фонддоруна келип түшкөн акча каражатта- ры шайлоо дайындалган күнгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген эмгек акы төлөөнүн эсептик көрсөткүчү менен эсептелет. Бел- гиленген өлчөмдөн ашыкча келип түшкөн акча каражаттары шайлоо фонддору- на кошулбайт жана жарандар менен уюмдарга кайра кайтарылат. Мында көр- сөтүлгөн каражаттарды кайра кайтаруу менен байланышкан чыгымдардын орду аларды кошкон жарандар менен уюмдардын эсебинен толтурулат. Кайталап добуш берүү жүргүзүлгөн учурда ушул Кодекстин Өзгөчө бө- лүгү менен белгиленген шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талап- кердин бардык чыгымдарынын суммасынын жалпы чеги бир жарым эсеге көбөй- үшү мүмкүн.

5. Шайлоо фондун түзгөн бардык акча каражаттары банктагы же башка

мекемедеги атайын эсепке которулат. Бул эсепти тиешелүү шайлоо комисси- ясынын уруксаты менен талапкер, саясый партия ачат. Шайлоо фонддоруна келип түшкөн акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынууга тий- иш. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер кошуп эсептелбейт жана төлөн- бөйт.

6. Банк же башка мекемелердин тизмеси, көрсөтүлгөн эсептерди ачуу-

нун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби банк же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.

7. Шайлоо фонддорунун каражаттарын тескөө укугу аларды түзгөн та-

лапкерлерге, саясый партияларга, финансы маселелери боюнча алардын ый- гарым укуктуу өкүлдөрүнө таандык.

8. Шайлоо фонддорунун каражаттары атайын максатка жумшалат. Алар

шайлоо кампаниясын жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн га- на пайдаланылышы мүмкүн.

9. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүм-

күн:

- уюштуруу-техникалык чараларды, анын ичинде талапкерди колдоо

үчүн кол чогултууга багытталган чараларды финансылоого;

- шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө;

- шайлоо кампаниясын өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан иштерди

(кызмат көрсөтүүнү) аткаргандыгы (көрсөткөндүгү)үчүн жарандарга эмгек акы төлөөгө;

- шайлоо алдындагы кампанияны өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан

жайларды, жабдууларды арендалоого, транспорттук чыгымдарга, ишсапардык чыгымдарга, байланыш кызматына акы төлөөгө, канцеляриялык товарларды сатып алууга жана башка чыгымдарга.

10. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди, талапкерлердин

тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү ишке шайлоо фонддору аркылуу гана финан- сылык (материалдык) жактан колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Юридикалык жак- тар, алардын филиалдары, өкүлчүлүктөрү, ушул Кодексте каралган учурлар- дан тышкары жеке жактардын иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз аткары- шына же негизсиз төмөндөтүлгөн баа боюнча аткарышына, шайлоого тике же кыйыр түрдө байланышкан товарларды сатышына тыюу салынат.

11. Талапкерлерге, саясый партияларга шайлоочулардын колтамгаларын

чогултуу боюнча иштерге, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоо алдындагы башка аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн акы төлөөдө алардын шай- лоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары башка акча каражатта- рын пайдаланууга тыюу салынат.

12. Банк же башка мекемелер тийиштүү шайлоо комиссиясынын талабы

боюнча 24 сааттын ичинде талапкердин, саясый партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты талап- керди каттаган шайлоо комиссиясына жума сайын билдирип турууга милдет- түү.

13. Шайлоо фонддору түзүлгөн учурдан тартып, добуш берүү күнүнө

чейин талапкерди каттаган тиешелүү шайлоо комиссиясы шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды конт- ролдоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына мезгил-мезгили менен жиберип турат.

14. Талапкер өз талапкерлигин алып салган, саясый партия талапкер-

лердин тизмесин кайра чакырткан же талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо алып салынган (жокко чыгарылган) учурда, шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары, аларды берген жарандар менен уюмдарга кечик- тирбестен кайра кайтарылат. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайра кайта- руу менен байланышкан чыгымдардын орду аларды кошкон жарандар менен уюмдардын эсебинен толтурулат.

15. Талапкердин шайлоо кампаниясы менен байланышкан белгилүү иш

аткаруу жөнүндө (кызмат көрсөтүү жөнүндө) жарандар жана юридикалык жак- тар менен келишимдерди (макулдашууларды) талапкер жеке өзү же анын фи- нансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, саясый партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү түзөт. Талапкерлердин, саясый партиялардын атайын эсептеринен төлөө боюнча контракттар же келишимдер шайлоо күнүнөн мурдагы күндөн кеч түзүлбөйт. Бардык финансылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү шайлоо күнүнөн мурдагы кү- нү саат 18де токтотулат. Талапкерлердин (саясый партиялардын) жана юри- дикалык жактардын ортосунда белгилүү иш аткаргандыгы (кызмат көрсөткөн- дүгү) үчүн эсептешүүлөр акча которуу жолу менен гана жүргүзүлөт.

16. Кайталап добуш берүү өткөрүүдө кайталап добуш берүү өткөрүлүп

жаткан талапкердин атайын эсеби боюнча финансылык операциялар кайталап добуш берүү күнү дайындалган күнү кайра ачылат жана кайталап добуш бе- рүү күнүнөн мурунку күнү саат 18де токтотулат.

17. Талапкерлер, саясый партиялар шайлоодон кийин 10 календарлык

күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмдө- рү жана аны түзүүнүн бардык булактары жөнүндө, ошондой эле бардык сарп- талган чыгымдар жөнүндө отчетту берет. Шайлоо күрөөсү зарыл сандагы до- буштарды алган талапкерлерге, саясый партияларга алар өз фондунун өл- чөмдөрү жана аны түзүүнүн бардык булактары жөнүндө, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчетту тиешелүү шайлоо комиссиясына бер- генден кийин кайра кайтарылат.

18. Атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыктарын

талапкерлер, саясый партиялар кошкон каражаттарына пропорциялуу түрдө аларды берген, болбосо которгон уюмдардын же адамдардын эсептерине ко- торууга милдеттүү. Талапкердин, саясый партиянын атайын эсебинде калган башка акча каражаттарын шайлоодон 20 календарлык күн өткөндөн кийин шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча банк республика- лык бюджеттин кирешесине которууга милдеттүү.

19. Шайлоо фонддорунун каражаттарына, көрсөтүлгөн фонддорго берил-

ген ыктыярдуу каражаттарга жана чегерүүлөргө салык салуунун, ошондой эле көрсөтүлгөн фонддордон чыгымдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-52)
