Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
46-берене. Шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
1. Шайлоонун натыйжаларын ушул Кодексте аныктоо укугу берилген
тийиштүү округдук шайлоо комиссиясы түздөн-түз төмөн турган шайлоо ко- миссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен аныктайт. Муну менен бирге шайлоонун на- тыйжасын аныктаган округдук шайлоо комиссиясы ушул Кодекстин 45-берене- синде белгиленген талаптарын жетекчиликке алат. Тийиштүү округдук шайлоо комиссиясы милдеттүү тартипте жыйынтыкто- очу жыйналышты өткөрөт, анда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрү- шүндөгү эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык даттанууларды (арыз- дарды) карайт, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат.
2. Шайлоонун натыйжалары жөнүндө тийиштүү округдук шайлоо комисси-
ясы протокол түзөт, ага шайлоонун натыйжалары негизделип аныктала тур- ган келип түшкөн протоколдордун маалыматтары, түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар киргизилет, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы маалыматтары боюнча жыйынды таблицаны түзөт.
3. Тийиштүү шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоолор төмөнкүдөй учур-
ларда болбой калды деп табылат: эгерде добуш берүүгө ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө белгиленген- ден аз сандагы шайлоочулар катышса; эгерде башка талапкерге (башка талапкерлерге) караганда алда канча көп сандагы добуштарды алган талапкер (талапкерлер) үчүн берилген шай- лоочулардын добуштарынын саны бардык талапкерлерге каршы берилген шай- лоочулардын добуштарынын санынан аз болсо. Мындай учурда кайталап шай- лоо жүргүзүлөт, анда мурдагы талапкерлер шайлануучу кызмат орундарына талапкерликке көрсөтүлө албайт; эгерде талапкерлердин тизмесинин бири да мандаттарды бөлүштүрүүгө катышуу үчүн зарыл болгон сандагы добуштарды ала албаса; эгерде талапкерлердин башка тизмесине карата добуштардын кыйла көп санын алган талапкерлердин тизмесин жактаган шайлоочулардын добуштары- нын саны бардык талапкерлердин тизмесине каршы берилген шайлоочулардын добуштарынын санынан аз болсо. Мындай болгон учурда кайталап шайлоо өт- көрүлөт, ага шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин аталган тизме- сине киргизилген мурдагы талапкерлер көрсөтүлүшү мүмкүн эмес. Шайлоого катышкан шайлоочулардын саны шайлоочулардын негизги жана кошумча тизмелериндеги шайлоо бюллетендерин алгандыгы жөнүндө шайлоочу- лардын колтамгаларынын саны боюнча аныкталат. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны добуш берүү үчүн ящик- терден алынып чыккан белгиленген формадагы шайлоо бюллетендеринин саны боюнча аныкталат.
4. Тиешелүү шайлоо комиссиясы шайлоо участкасында добуш берүүнүн
жыйынтыктарын төмөнкүдөй учурларда жараксыз деп табат:
а) эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүү-
нүн жыйынтыктарын чыгаруу учурундагы ушул Кодексти бузуулар шайлоочу- лардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербесе;
б) эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүү-
нүн жыйынтыктарын чыгаруу учурундагы ушул Кодексти бузуулар шайлоочу- лардын эркбилдирүүсүнө таасир эткен болсо;
в) ушул Кодексте белгиленген негизде жана тартипте жогору турган
шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
г) ушул Кодексте белгиленген негизде жана тартипте соттун чечими
боюнча. Эгерде шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылса шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжалары калган шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. Ошол шайлоо участкасы (участкалары) боюнча шайлоонун натыйжасына таасир эт- кен шайлоо участкасында (участкаларында) добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган учурда тийиштүү шайлоо участкасында кайра добуш берүү дайындалган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө кайра добуш берүү жүргүзүлөт.
5. Шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белги-
лөөгө мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар деп, шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын ишенимдүү аныктоого мүм- күндүк бербеген ушул Кодекстин жоболорун бузуулар түшүнүлөт. Шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир эткен эреже бузуулар деп, шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн же добуш бе- рүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүшүндө шайлоочулар өз эркин билди- ришине таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт ишин жүргүзүү, жарандар шай- лоо укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, талапкерлер, талапкердин жакын туу- гандары, талапкерлердин, саясый партиянын өкүлдөрү шайлоочуларды шайлоо участкасына транспорт каражаттары менен жеткирүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан ушул Кодекстин жоболорун бузуулар түшүнүлөт.
6. Тиешелүү шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй учурларда шайлоонун на-
тыйжаларын жараксыз деп табат:
а) эгерде шайлоочулардын тизмелерине киргизилген катталган шайлоо-
чулардын жалпы санынан шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгын камты- ган шайлоо участкаларынын бөлүгүндө добуш берүүнүн жыйынтыктары жарак- сыз деп табылса;
б) ушул Кодексте белгиленген негизинде жана тартипте жогору турган
шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
в) ушул Кодексте белгиленген негизде жана тартипте соттун чечими
боюнча.
7. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга, шайлоонун жыйынты-
гын чыгарууга жана шайлоонун натыйжасын аныктоого катышып жаткан талап- кер, талапкердин, саясый партиянын өкүлдөрү, байкоочулар добуш берүү, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу жана шайлоонун натыйжасын аныктоо, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө, шайлоо- нун жыйынтыктары жөнүндө жана натыйжалары жөнүндө протокол түзүү про- цесси боюнча эч кандай дооматтары жок болсо, ал тийиштүү шайлоо комис- сиянын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколунда белгиленип жана алардын колтамгалары менен ырасталса, бирок, кийин жогоруда аталган аракеттер боюнча арыз жана даттануу беришсе, анда алардын арыздары жана даттануу- лары добуш берүүнүн жыйынтыктарын, шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табуу үчүн негиз боло албайт.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-46" title="46-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>