44-берене. Участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
жыйынтыктарын белгилешинин тартиби
1. Добуш берүү убактысы аяктагандан кийин участкалык шайлоо комис-
сиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда турган шайлоочулар гана шайлоо бюллетендерин алып жана добуш бере ала тургандыгы жөнүндө жарыялайт.
2. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө участкалык шайлоо комиссиясы-
нын жыйналышында анын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү тарабынан гана ачык жана маалымдуу жүргүзүлөт, мында добуш берүүнүн жыйынтыктары жө- нүндө протоколдо жана анын чоњойтулган формасында (шайлоо комиссиясы аныктаган орунга илинип коюлат) шайлоо бюллетендерин жана шайлоочулар- дын добуштарын эсептөө боюнча аткарылуучу иш аракеттердин бардык натый- жалары ырааттуу жарыяланат жана тиешелүү түрдө толтурулат. Добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө про- цессинде талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү сүрөткө тартуулары, кино- ви- деого түшүрүүлөрү мүмкүн.
3. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө шайлоочулардын добуш берүүсү
жүргүзүлгөн жайда дароо добуш берүү аяктагандан кийин жана добуш берүү- нүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Шайлоочу- лардын добуштарын түздөн-түз эсептөө жүргүзүлгөн орун ага участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар, ошондой эле кењеш берүүчү добуш укугу бар бардык мүчөлөрүнүн тоскоолдуксуз кирүү жана иштөө шарты камсыз кылынгыдай түрдө жабдылууга тийиш. Мында эсептөө учурунда каты- шып олтурган бардык адамдар үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчө- лөрүнүн иш-аракетинин толук көрүнүшү камсыз кылынууга тийиш. Ар кандай дењгээлдердеги шайлоолор айкалыштырылган учурда биринчи кезекте Президентти, Жогорку Кењештин депутаттарын, андан кийин жерги- ликтүү кењештин депутаттарын шайлоо боюнча добуштар эсептелет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын кошпогон- до, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө добуштарды эсептөө учу- рунда жазуу буюмдарын пайдаланууга тыюу салынат.
4. Участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетендерин берүү үчүн
жооптуу чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү калган пайдаланылбаган шайлоо бюллетендерин эсептеп чыгат, аларды төмөнкү оњ бурчун кесүү жолу менен жокко чыгарат (мында катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтардын оњ жагында жайгашкан квадраттарды бузууга жол берилбейт) жана аларды ведо- мость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына тапшырат, бул жөнүндө акт түзүлөт. Участкалык шайлоо комиссиясынын сейфинде калган пайдаланылбаган шайлоо бюллетендери ушундай эле жол менен жокко чыгары- лат. Бардык жокко чыгарылган шайлоо бюллетендери эсептелет жана пакетке тањгакталат, ал участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана анын мүчөлө- рүнүн колу менен күбөлөндүрүлөт. Пакетке "жокко чыгарылган шайлоо бюл- летендери" деген жазуу жазылат, алардын саны жана шайлоо участкасынын номери көрсөтүлөт. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендеринин санынын суммасы катары аныкталган бардык жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин жана ката толтурулган (бузулган) катары шайлоочулар тарабынан кайра кайтарылган шайлоо бюллетендеринин саны жарыя кылынат жана добуш берүүнүн жыйынтык- тары жөнүндө протоколдун жана анын чоњойтулган формасынын 7-сабына жа- зылат. Андан кийин пайдаланылбаган (жокко чыгарылган) тизмеден чыгуу кү- бөлүктөрүнүн саны эсептелет жана жарыя кылынат жана бул сан добуш бе- рүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоњойтулган формасы- нын 15в-сабына жазылат.
5. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөөнүн алдында участ-
калык шайлоо комиссиясынын шайлоочуларды каттоо үчүн жооптуу чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине төмөн- күдөй суммалык маалыматтарды жазууга милдеттүү:
а) добуш берүү аяктоо учуруна карата шайлоочулардын тизмесине кир-
гизилген шайлоочулардын саны (мында тизмеден чыгуу күбөлүктөрү берил- ген, ошондой эле башка себептерден улам чыгып кеткен шайлоочулар эсепке алынбайт);
б) добуш берүү күнү добуш берүү үчүн жайда шайлоочуларга берилген
шайлоо бюллетендеринин саны (шайлоочулардын негизги жана кошумча тизме- лериндеги шайлоочулардын колунун саны боюнча белгиленет);
в) мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочуларга берилген шайлоо
бюллетендеринин саны (шайлоочулардын тизмесиндеги тиешелүү белгилердин саны боюнча белгиленет жана мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулар- дын тизмеси боюнча текшерилет);
г) добуш берүү күнү добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш
берген шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны (шайлоочулар- дын тизмесиндеги тиешелүү белгилердин саны боюнча белгиленет);
д) шайлоо участкасында шайлоочуларга берилген тизмеден чыгуу
күбөлүктөрүнүн саны (шайлоочулардын тизмесиндеги белгилердин саны боюн- ча белгиленет);
е) шайлоо участкасында тизмеден чыгуу күбөлүктөрү жана соттун че-
чими боюнча добуш берген шайлоочулардын саны (шайлоочулардын кошумча тизмесиндеги шайлоочулардын колунун саны боюнча белгиленет жана шайлоо- чулардан алынган тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнүн саны боюнча текшерилет). Бул маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мү- чөсү кол коет, ал андан соњ аларды жыйынтыктайт жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрага- сы жана катчысы тизменин акыркы бетине шайлоочулардын тизмесинин бардык беттери боюнча маалыматтардын суммасы катары аныкталуучу жыйынды маалы- маттарды жазат, аларды өз колтамгасы жана участкалык шайлоо комиссиясы- нын мөөрү менен күбөлөндүрөт. Шайлоочулардын тизмеси менен ишти жүргүзгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отургандарга аны менен өзү көрүп таанышууну сунуш кылат, шайлоочулардын тизмесине киргизилген бардык маалыматтарды жарыя кылат жана аларды добуш берүүнүн жыйынтыктары жө- нүндө протоколдун жана анын чоњойтулган формасынын тиешелүү саптарына жазат:
а) 1-сапка - добуш берүү аяктоо учуруна карата шайлоочулардын не-
гизги тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны;
б) 1а-сапка - кошумча тизмеге киргизилген шайлоочулардын саны;
в) 3-сапка - мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочуларга берилген
шайлоо бюллетендеринин жалпы саны;
г) 4-сапка - добуш берүү күнү добуш берүү үчүн жайда шайлоочуларга
берилген шайлоо бюллетендеринин саны;
д) 5-сапка - добуш берүү күнү добуш берүү үчүн жайдан тышкары жер-
де шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны;
е) 6-сапка - шайлоого катышкан шайлоочулардын жалпы саны (3, 4,
5-саптардагы сандардын суммасы катары белгиленет);
ж) 15-сапка - участкалык шайлоо комиссиясы алган тизмеден чыгуу
күбөлүктөрүнүн саны, ал тиешелүү акт боюнча белгиленет;
з) 15а-сапка - шайлоо участкасында участкалык шайлоо комиссиясы
тарабынан берилген тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнүн саны;
и) 15б-сапка - шайлоо участкасында тизмеден чыгуу күбөлүктөрү бо-
юнча добуш берген шайлоочулардын саны. Андан соњ шайлоочулардын тизмеси(лери) сейфке салынат.
6. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн көчмө ящиктердеги
шайлоо бюллетендерин эсептөөгө киришет. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жүргүзгөн чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү пломбалардын жана мөөрлөрдүн сакталгандыгын көрсөтөт, добуш берүү үчүн көчмө ящиктерди кезек-кезеги менен ачат, ан- дан соњ шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчө- лөрүнүн эртењ менен шайлоо ящиктерин мөөр басып чаптоо учурунда катыш- кан адамдардын колдору бар контролдук барактарды алып чыгат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук барактарды көрсөтөт. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө ящикти ачаардын алдында добуш берүү үчүн ушул көчмө ящикти пайдалануу менен добуш берген шайлоочулардын са- ны жарыяланат. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө ящиктеги шайлоо бюллетен- дерин эсептөө өз-өзүнчө жүргүзүлөт. Бардык көчмө ящиктерден алынып чык- кан белгиленген формадагы шайлоо бюллетендеринин жалпы саны добуш бе- рүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоњойтулган формасы- нын 8-сабына жазылат. Эгерде добуш берүү үчүн көчмө ящикте шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белгиде камтылган шайлоочу- лардын арыздарынын санынан көп экендиги белгиленсе, добуш берүү үчүн ушул көчмө ящиктеги бардык шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комис- сиясынын чечими менен жараксыз деп табылат жана төмөнкү оњ бурчун кесүү жолу менен жокко чыгарылат, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет жана анда участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү- нү жүргүзүүнү камсыз кылган мүчөлөрүнүн фамилиялары жана инициалдары көрсөтүлөт. Бул жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө тањгакталат жана мөөр басып чапталат, мында пакетте шайлоо участкасынын номери көрсөтү- лөт жана "добуш берүү үчүн көчмө ящиктен алынган жараксыз шайлоо бюлле- тендери" деген жазуу, ящиктин номери жана шайлоо бюллетендеринин саны жазылат.
7. Добуштарды эсептөө учурунда белгисиз формадагы шайлоо бюллетен-
дери эсепке алынбайт. Мазмуну жана (же) формасы ушул Кодекстин 39-бере- несинде каралган тартипте бекитилген шайлоо бюллетенинин текстине жана формасына ылайык келбеген шайлоо бюллетендери белгисиз формадагы шайлоо бюллетендери деп табылат.
8. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн ту-
руктуу орнотулган ящиктеги шайлоо бюллетендерин эсептөө башталгандыгы жөнүндө жарыялайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган ящиктин мөөрү (пломбасы) бузулбагандыгын көр- сөтөт жана аны ачат. Участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш уку- гу бар мүчөлөрү шайлоо бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясы- нын мүчөлөрүнүн, эртењ менен шайлоо ящиктерин мөөр басып бекитүү учу- рунда катышкан башка адамдардын колтамгалары бар контролдук баракты алып чыгат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук баракты көрсөтөт.
9. Участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлө-
рү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган ящиктерден алынып чыккан шайлоо бюллетендерин талапкерлердин ар бири үчүн, "Бардык талап- керлерге каршы" ("Талапкерлердин бардык тизмелерине каршы") берилген добуштар боюнча сорттойт, ошол эле учурда белгисиз формадагы шайлоо бюллетендерин жана жараксыз шайлоо бюллетендерин бөлөт. Шайлоо бюлле- тендерин сорттоо учурунда участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринде камтылган шайлоочулардын бел- гилерин жарыя кылат жана шайлоо бюллетендерин көзү менен көрүп контрол- доо үчүн эсептөө учурунда катышып олтургандардын бардыгына көрсөтөт. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо учурунда талапкерлер бо- юнча шайлоо бюллетендерин сорттоо жүргүзүлбөйт.
10. Сорттолгон шайлоо бюллетендери менен талапкерлердин, саясый
партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар участкалык шайлоо комиссиясынын че- чүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн контролдугу астында таанышууга укук- туу.
11. Андан соњ белгилүү формадагы шайлоо бюллетендери боюнча шай-
лоочулардын добуштары ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча жана "Бардык талапкерлерге каршы" ("Талапкерлердин бардык тизмелерине каршы") деген позиция боюнча өз-өзүнчө эсептелет. Сорттолгон шайлоо бюллетендерин эсептөө аларды эсептөө учурунда катышып олтурган адамдар угуп же шайлоо бюллетениндеги шайлоочунун белгисин көрө алгыдай түрдө үнүн чыгаруу менен, бир пачкадан экинчисине которуу жолу менен жүргүзү- лөт. Бир эле учурда ар башка пачкалардагы шайлоо бюллетендерин эсептөө- гө жол берилбейт. Алынган маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыктары жө- нүндө протоколдун жана анын чоњойтулган формасынын 13- жана 14-саптары- на жазылат. Алар ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн берилген шайлоо бюллетендериндеги шайлоочулардын тиешелүү белгилери (добуштары) боюнча жана "Бардык талапкерлерге каршы" ("Талапкерлердин бардык тизме- лерине каршы") деген позиция боюнча аныкталат. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо учурунда ар бир шайлоо бюллетени боюнча добуштарды эсептөөнү участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар кеминде эки мүчөсү жүргүзөт.
12. Жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө эсептелет жана суммаланат.
Шайлоочунун эркбилдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон шайлоо бюллетендери, ошондой эле добуш берүү үчүн көчмө ящиктен алынган жараксыз шайлоо бюл- летендери (эгерде добуш берүү үчүн көчмө ящикте шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белгини камтыган шай- лоочулардын арыздарынын санынан ашкандыгынын фактысы орун алган болсо) жараксыз деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген коргоо белгилери коюлбаган, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбө- лөндүрүлбөгөн жана башка тийиштүү белгилер коюлбаган шайлоо бюллетенде- ри да жараксыздарга кирет. Талапкерлердин пайдасына белгилердин саны шайлоо округу боюнча мандаттардын санынан ашкан, ал эми пропорционалдык система боюнча шайлоодо талапкерлердин тизмесинин пайдасына берилген белгилердин саны бир позициядан ашкан шайлоо бюллетендери жараксыз деп эсептелет. Шайлоо бюллетенин жараксыз деп табууда шектенүү келип чыккан учур- да участкалык шайлоо комиссиясы маселени добуш берүү менен чечет, мында шайлоо бюллетенинин арткы бетинде анын жараксыздыгынын себеби көрсөтү- лөт жана бул жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен ырасталат, комиссиянын мөөрү менен күбөлөн- дүрүлөт. Жараксыз шайлоо бюллетендеринин жалпы саны добуш берүүнүн жый- ынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоњойтулган формасынын 11-сабы- на жазылат.
13. Участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчө-
лөрү жараксыз шайлоо бюллетендеринин санын эсептейт, жарыя кылат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоњойтулган формасынын 10-сабына жазат, ал сан шайлоочулардын эркбилдирүүсүн анык- тоого боло турган шайлоочулардын белгилери боюнча аныкталат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоњой- тулган формасынын 12-сабына добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны жазылат (добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 10- жана 11-саптарындагы сандардын суммасы катары белгиленет). Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоњой- тулган формасынын 9-сабына добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган ящикте- ги шайлоо бюллетендеринин саны жазылат.
14. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды эсептөө
учурунда бардык катышып отургандарга участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн көзөмөлдүгү астында шайлоо бюлле- тендери менен өз көзү менен көрүп таанышууну сунуш кылат. Талапкердин, саясый партиянын өкүлүнүн же байкоочунун талабы боюнча добуштарды кайра эсептөө жүргүзүлөт - шайлоо бюллетендери талапкердин, саясый партиянын өкүлүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусу жана алар үчүн өз көздөрү менен көрүп контролдоо мүмкүнчүлүгүн түзүү астында кайрадан эсептелет. Бул учурда шайлоо бюллетендери үн чыгарып эсептелет.
15. Андан соњ добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кир-
гизилген маалыматтардын контролдук катышын текшерүү жүргүзүлөт. Эгерде контролдук катыштар дал келбесе, участкалык шайлоо комиссиясы талапкер- лердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусун- да добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун бардык же айрым сап- тары боюнча кайталап эсептөө жөнүндө чечим кабыл алат. Эгерде кайталап эсептөөнүн натыйжасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 2, 3, 4, 5, 7-саптары боюнча контролдук катыштар кайрадан дал келбесе, участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү акт түзөт, ал добуш берүүнүн жый- ынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет жана дал келбегендик жөнүндө маа- лыматтарды добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун атайын сап- тарына - "Жоголгон шайлоо бюллетендеринин саны" деген 16-сапка жана "Алынган шайлоо бюллетендеринин санынан ашкан шайлоо бюллетендеринин саны" деген 17-сапка жазат. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 2-сабында көрсөтүлгөн сан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 3, 4, 5 жана 7-саптарында көрсөтүлгөн сандардын суммасынан көп болсо, 2-сапта көрсөтүлгөн сан менен 3, 4, 5 жана 7-саптарда көрсөтүлгөн сандардын суммасынын ортосундагы айырма 16-сапка жазылат, мында 17-сапка "0" де- ген цифра коюлат. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол- дун 3, 4, 5 жана 7-саптарында көрсөтүлгөн сандардын суммасы добуш бе- рүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 2-сабында көрсөтүлгөн сандан көп болсо, 3, 4, 5 жана 7-саптарда көрсөтүлгөн сандардын суммасы менен 2-сапта көрсөтүлгөн сандын ортосундагы айырма 17-сапка жазылат, мында 16-сапка "0" деген цифра коюлат. Эгерде контролдук катыштар дал келсе, 16- жана 17-саптарга "0" де- ген цифра коюлат. Эгерде кайталап эсептөөнүн натыйжасында добуш берүүнүн жыйынтыкта- ры жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкса, протоколдун жањы бланкы толтурулат, ал эми анын чоњойтулган формасына тиешелүү оњдоолор киргизилет. Мында протоколдун эски бланкына "Ката" деген белги коюлат.
16. Добуштарды эсептөө жүргүзүлгөндөн кийин участкалык шайлоо ко-
миссиясы милдеттүү түрдө жыйынтык жыйналышты өткөрөт, анда добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө учурундагы эреже бузуулар жөнүн- дө келип түшкөн даттануулар (арыздар) каралат, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечимдер кабыл алынат, андан соњ участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн даттануулар (арыздар) боюнча участкалык шай- лоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери участка- лык шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коет. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коюу учурунда протоколдун мазмунуна макул болбогон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзүнүн өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлгөндөн кийин сорттолгон шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери өзүнчө пакет- терге тањгакталат, аларда шайлоо участкасынын номери жана шайлоо бюлле- тендеринин саны, шайлоочулардын тизмелеринин аталыштары көрсөтүлөт. Па- кеттер мөөр басып чапталат, аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мү- чөлөрү кол коет жана өзүнчө мүшөккө же коробкага салынат. Мүшөктө же коробкада шайлоо участкасынын номери жана анын ичиндеги документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Мүшөк же коробка участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колтамгасын койдуруу менен чапталат. Шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмесин тањгактоо, ошондой эле аларды мүшөккө же короб- кага салуу талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочу- лардын катышуусунда жүргүзүлөт, аларга мүшөккө же коробкага өзүнүн ко- лун коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Пакет, мүшөк же коробка жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн.
17. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол эки нускада,
ошондой эле ар бир талапкер, талапкерлерди көрсөткөн саясый партия үчүн бирден нускада түзүлөт жана ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрү кол коет, мында ага кол коюлган дата жана убакыт (сааты, минутасы) жазылат. Эгерде протоколго участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүгү кол койсо, ал жарактуу болуп саналат. Протоколго кол коюу учурунда прото- колдун мазмунуна макул болбогон участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү өзгөчө пикирин протоколго тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
18. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан
кийин участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын тез арада участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрү- нүн, талапкердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жал- пыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана башка адамдардын алдында жарыя кылат.
19. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан
кийин анын биринчи нускасын шайлоо документтери, анын ичинде шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, даттануулар (арыздар), алар бо- юнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн акты- лар менен бирдикте тез арада участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн бири талапкерлердин, саясый партиялардын эсептөөгө катышкан өкүлдөрүнүн коштоосунда жогору турган шайлоо комиссиясына жеткирет.
20. Протоколдун экинчи нускасы, ошондой эле участкалык шайлоо ко-
миссиясынын мөөрү участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал комиссиянын иши аяктаганга чейин алардын аныктыгы жана сакталышы үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчилик тартат.
21. Протоколдордун бөлөк нускалары талапкерлердин, талапкерлерди
каттаган саясый партиялардын өкүлдөрүнө кол койдуртулуп берилет.
22. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдун чоњойтулган
формасы жалпы элдин таанышуусу үчүн участкалык шайлоо комиссиясы белги- леген жерге илинип коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын иши аяк- таганга чейин сакталат.
23. Ар кандай кызыкдар адамдын талабы боюнча участкалык шайлоо ко-
миссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун көчүрмөсүн көрсө- түлгөн адамдарга берүүгө же көчүрмөсүн жасоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө, ошондой эле аны күбөлөндүрүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-44" title="44-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>