Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
40-берене. Добуш берүү тартиби
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
1. Шайлоодо добуш берүү календарлык дем алыш күнү, саат 8ден саат
20га чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участка- лык шайлоо комиссиялары жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башка- ча ыкма менен добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктир- бестен, ал эми мөөнөтүнөн мурда же кайталап добуш берүүдө - добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочуларга кабар- лоого милдеттүү. Шайлоо күнү эртењ мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү жайындагы өз жыйналышында чүчүкулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссиянын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүн аныктайт:
- жарандарды шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесинде каттоону
жүргүзүү;
- шайлоочуларды атайын аралашма менен белгилөө (маркировкалоо) жа-
на шайлоо бюллетендерин берүү;
- шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришине, шай-
лоо бюллетендерин бүктөлгөн түрүндө добуш берүү ящиктерине салышына кө- зөмөл жүргүзүү;
- ар бир шайлоочуда белгинин (маркировканын) бар экендигин атайын
жабдуу менен текшерүү;
- реестрде катталган шайлоочулар үчүн добуш берилүүчү жайлардан
тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу (участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар экиден кем эмес мүчөсү). Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчүкулакка катышпайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комис- сиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусу астында ичине ушул участканын шайлоочула- рынын тизмеси, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөр басып бекитилген сейфти ачат; сейфтен шайлоочулардын негизги жана, эгерде бар болсо, кошумча тизмесин алып чыгат, тизмеге киргизилген шай- лоочулардын санын жарыялайт, катышкан кишилерге аны карап көрүүгө мүм- күндүк берет, андан кийин аны добуш берген күнү шайлоочуларды каттоо жана шайлоочулардын тизмесин толтуруу үчүн жоопкерчиликте болгон участ- калык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комис- сиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талап- керлердин, саясый партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүл- дөрүнө ичи бош добуш берүү ящиктерин көрсөтөт, алар участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып бекитилет (пломбаланат). Андан кийин мөөр басып бекитилген добуш берүү үчүн ящиктерге участкалык шайлоо комиссия- сынын төрагасы округдун аталышы, шайлоо участкасынын номери, контролдук барактардын ящикке салынган убактысы көрсөтүлгөн жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссия- сынын чечүүчү добуш укугу бар башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талап- керлердин, алардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары жазылган контролдук барактарды салат. Контрол- дук барактарга ошол адамдар кол коюшат жана алар участкалык шайлоо ко- миссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогору турган шайлоо ко- миссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын жарыя кылат. Участка- лык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү талапкерлер- дин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусу ме- нен шайлоо бюллетендерин кайрадан санап чыгат жана алардын санын жарыя кылат, андан соњ участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы буга катышкан кишилерге аларды карап көрүү үчүн сунуштайт жана участкалык шайлоо ко- миссиясы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколдун 2-сабына жана анын чоњойтулган формасына жазат. Шайлоо бюллетендерин кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ведомость боюнча 50-100дөн шайлоо бюллетенин участкалык шайлоо комисси- ясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнө берет, алар алгандыгы жөнүндө кол коет жана шайлоо бюллетендеринин берилиши үчүн жооп беришет. Добуш берүүчү жайдын кире беришинде участкалык шайлоо комиссиясы- нын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн бири ар бир шайлоочунун сол ко- лунун баш бармагына атайын зат сүрүлгөндүгүн (маркировкалангандыгын) атайын жабдуу менен текшерет. Сол колунун баш бармагына атайын зат сүр- түлбөгөн (маркировкаланбаган) шайлоочу шайлоо бюллетенин алуучу жана добуш берүүчү жайга киргизилет. Эгерде шайлоочунун сол колунун баш бар- магына атайын зат сүртүлгөн (маркировкаланган) болсо, анда шайлоочу шайлоо бюллетенин алуучу жана добуш берүүчү жайга жана добуш берүүгө киргизилбейт. Шайлоо бюллетендерин берүүдө шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш берүү укугу бар мүчөсү шайлоочунун сол колунун баш бармагын атай- ын аралашма менен белгилейт (маркировкалайт). Сол колунун баш бармагы жок болсо маркировкалоо төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашырылат:
- баш бармактан кийинки манжасы - сөөмөйүнөн баштап маркировкала-
нат;
- сол колунун манжалары жок болсо сол колу үчүн көрсөтүлгөн тар-
типте оњ колунун манжалары маркировкаланат;
- эки колунун тењ манжалары жок болсо, шайлоочу ошол эле шайлоо-
лордо добуш берүүгө бир жолу маркировкалануусуз өтүүгө укуктуу. Шайлоо бюллетендерин берүүдө участкалык шайлоо комиссиясынын че- чүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн бири шайлоочуларды каттоону ишке ашы- рат - шайлоочулардын документтерин текшерет, алардын реквизиттерин тиз- меге киргизет, ага шайлоо бюллетендерин алгандыгы үчүн шайлоочулар кол коет, башкасы - шайлоочунун сол колунун баш бармагына атайын зат сүртөт (маркировкалайт) жана шайлоо бюллетендерин берет.
2. Ар бир шайлоочу жеке өзү добуш берет, башка шайлоочулар үчүн
добуш берүүгө жол берилбейт.
3. Шайлоо бюллетендери шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине
киргизилген шайлоочуларга паспорту же шайлоочунун ким экендигин тастык- таган документи көрсөтүлгөндө берилет, ал эми, эгерде шайлоочу добуш берүү үчүн тизмеден чыгуу күбөлүгү же соттун чечими боюнча добуш берсе, анда тизмеден чыгуу күбөлүгү же соттун чечими кошо көрсөтүлгөндө бери- лет.
4. Добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенин алганда шайлоочулардын не-
гизги же кошумча тизмесине шайлоочунун паспортунун же анын ким экенди- гин тастыктаган документтин сериясы жана номери коюлат. Шайлоочу туура жазылышын текшерет жана шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине кол коет. Бир нече шайлоо бюллетендери боюнча добуш берүүдө шайлоочу ар бир шайлоо бюллетени үчүн кол коет. Тизмеден чыгуу күбөлүгү же соттун чечи- ми боюнча добуш берүүдө шайлоочулардын кошумча тизмесине кошумча белги коюлат.
5. 500дөн ашпаган шайлоочулар жашоочу калктуу конуштарда түзүлгөн
шайлоо участкаларында паспорту же ким экендигин тастыктоочу документи жок келген шайлоочу анын ошол шайлоо участкасынын аймагында жашаганын участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар кеминде эки мү- чөсү ырастаса жана анын өзү шайлоочулардын негизги тизмесинде болсо, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын уруксаты боюнча добуш бе- рүүгө укуктуу. Документтерсиз добуш берген учурда шайлоочулардын негиз- ги тизмесине тийиштүү белги коюлат жана ага участкалык шайлоо комиссия- сынын төрагасы, ал шайлоочунун ошол шайлоо участкасынын аймагында жаша- ганын ырастаган участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү кол коюшат.
6. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада
же башка кишинин болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жайда толту- рулат. Атайын жабдылган кабина орнотулууга тийиш же атайын жабдылган бөлөк жай шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн өз эркин бил- дирүү купуялыгын жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясы- нын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөлүн камсыз кылууну эске алуу менен даярдалууга тийиш.
7. Шайлоочу шайлоо бюллетенинде өзү тандаган талапкерге, талапкер-
лердин тизмесине тиешелүү квадратта, же "Бардык талапкерлерге каршы" ("Талапкерлердин бардык тизмелерине каршы") деген позицияда тийиштүү белгини коет. Жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочу шайлоо бюл- летенинде өзү тандаган талапкерлерге тиешелүү квадраттарда белги коет. Шайлоочу добуш берүүчү талапкерлердин саны шайлоо округу боюнча мандат- тардын санынан ашпоого тийиш.
8. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым
деп эсептесе, ал шайлоо бюллетенин берген участкалык шайлоо комиссиясы- нын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсүнө бузулган шайлоо бюллетенинин орду- на жањысын берүү өтүнүчү менен кайрыла алат. Шайлоо комиссиясынын че- чүүчү добуш укугу бар мүчөсү шайлоочулардын тизмесинде бул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тийиштүү белги коюу менен жањы шайлоо бюллетенин берет. Бузулган шайлоо бюллетени жокко чыгарылат, ал жөнүндө акт түзү- лөт.
9. Шайлоо бюллетенин алгандыгы тууралуу өз алдынча кол коюуга жана
шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу ал үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясый партиянын өкүлү, байкоочу болбогон башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка кишинин жардамынан пайдаланууга ка- рата өзүнүн ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки билдирет.
10. Толтурулган жана бүктөлгөн шайлоо бюллетендерин шайлоочулар
добуш берүү үчүн мөөр басылып бекитилген (пломба коюлган) ящиктерге са- лат. Шайлоо бюллетенин добуш берүү үчүн бөлмөдөн алып чыгууга тыюу са- лынат.
11. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайындагы
тартипке көз салат. Добуш берүү жайында коомдук тартип бузулган учурда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын кызматкерле- рине жардамга кайрылууга укуктуу, алар тартипке салгандан кийин добуш берүү жайынан чыгып кетүүгө тийиш. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын ыйгарым укуктарынын чектеринде, шайлоо кампаниясынын каты- шуучуларынын укуктарын бузбастан берген буйруктарын добуш берүү жайын- дагы болгон бардык адамдар аткарууга милдеттүү. Участкалык шайлоо ко- миссиясынын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын участка- лык шайлоо комиссиясынын катчысы же шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укук берилген башка мүчөсү аткарат.
12. Эгерде участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо комиссия-
сынын ишине, болбосо Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүү- нүн купуялыгын бузууга аракет кылса, анда ал шайлоонун ишине катышуудан дароо четтетилет, ал эми байкоочу менен башка адамдар добуш берүүчү жайдан тышка чыгарылат. Бул жөнүндө чечимди участкалык шайлоо комиссия- сы жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Рес- публикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.
13. Талапкерлерге, талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнө,
ошондой эле ушул аталган адамдардын өтүнүчү же тапшыруусу боюнча ара- кеттенген жеке жана юридикалык жактарга шайлоочуну добуш берүүгө каты- шуу үчүн алып келүүгө карата аракеттерди жасоого тыюу салынат.
14. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнү коомдук коопсуз- дукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иште- шин, добуш берүүчү жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-40" title="40-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>