# 33-берене. Жалпыга маалымдоо басылма каражаттары аркылуу шайлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202192)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы № 158 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3630/edition/354003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202192/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу, 33-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-33

---

алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү

1. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башка-

руу органдары тарабынан расмий билдирүүлөрдү жана материалдарды, ченем- дик жана башка актыларды жарыялоо үчүн гана уюштурулган басылмаларды кошпогондо, ушул Кодекстин 30-беренесинин 16-пунктунун аракетине дал келген жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймакта таратылуучу мезгилдүү бас- масөз басылмалары А 4 форматындагы бир беттен кем болбогон өлчөмдө та- лапкерлер, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясый партиялар матери- алдар үчүн акысыз басма аянттарын тењдеш шарттарда берүүгө тийиш. Адис- тештирилген (балдар, техникалык, илимий жана башка) басмасөз басылмала- рына шайлоо кампаниясына кандай гана формада болбосун толук катышпаган учурда кандай гана түрдөгү үгүт материалдары болбосун басуудан баш тар- тууга жол берилет.

2. Менчигинин түрүнө карабастан талапкерлерге, саясый партияларга

басма аянттарын берген мезгилдүү басылмалар ошондой эле шарт менен (бирдей баада, бирдей көлөмдө жана башка шартта) башка талапкерлерге, саясый партияларга да басма аянттарын берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-34)
