Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
32-берене. Телекөрсөтүү жана радио аркылуу үгүт иштерин жүргүзүү
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
1. Талапкерлер, саясый партиялар ушул Кодекстин 30-беренесинин
16-пунктуна аракетине дал келген жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактар- да телеберүүлөрдү, радиоуктурууларды жүргүзгөн телерадио уюмдарынын ка- налдарында аларга акысыз берилген эфирдик убакытты пайдаланууга укук- туу. Аталган эфирдик убакыт теле- жана радио программаларын кыйла сан- дагы аудитория чогулган убакка, саат 20дан саат 24кө чейинки мезгилге туш келүүгө тийиш.
2. Президентти, Жогорку Кењешинин депутаттарын шайлоодо үгүт иште-
рин жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюму бөлгөн эфирдик акысыз уба- кыттын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем болбоого тийиш. Атал- ган эфирдик акысыз убакыт каттоодон өткөн жана берүүгө келген талапкер- лердин, ошондой эле талапкерлердин катталган тизмелерин көрсөткөн сая- сый партиялардын ортосунда тењдеш негиздерде бөлүштүрүлөт. Талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясый партиялар шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн өздөрүнө берилген акысыз эфир убактысын башка талапкерлер үчүн, башка саясый партиялар үчүн пай- даланууга укуксуз.
3. Акысыз бөлүнгөн эфирдик убакыттын жалпы көлөмүнүн кеминде үчтөн
бири талапкерлерге, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясый партия- ларга дискуссияларды, "тегерек столдорду" жана ушул сыяктуу бөлөк үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүү үчүн гана берилет. Эфирдик акысыз уба- кыттын ушул үлүшүн пайдаланууга бардык талапкерлер, саясый партиялар тењдеш негиздерде ээ болууга тийиш. Телерадиоберүү уюмдарынын каналдарындагы биргелешкен үгүттүк иш чараларга катталган талапкерлер жеке өздөрү гана, саясый партиялар ый- гарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары аркылуу катыша алышат. Бир- гелешкен үгүт иш чараларына катышуудан баш тартуу биргелешкен үгүт иш чараларга катышуудан баш тарткан катталган талапкер, саясый партия үчүн берилген акысыз эфир убактысынын өлчөмүн көбөйтүүгө алып келбейт. Эгерде талапкер, саясый партиянын өкүлү жүйөлүү себептер боюнча биргелешкен үгүт иш чараларына катыша албай калса, анда биргелешкен үгүт иш чараларына катышпай калган башка талапкерлер, саясый партиялар менен бирдей эле өзүнүн эфирдик убактысын пайдаланууну өтүнүүгө укук- туу.
4. Ушул Кодекстин 30-беренесинин 16-пунктуна дал келген телерадио
уюмдары шайлоонун дењгээлине жараша талапкерлердин, саясый партиялардын үгүт иштерин жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү эфирдик убакытты сактап коюуга милдеттүү. Аталган эфирдик убакыт келишимдин негизинде тийиштүү талап- кердин, саясый партиянын талабы боюнча аларга акы төлөтүү менен бери- лүүгө тийиш. Сакталып коюлган акы төлөнүүчү эфирдик убакыттын жалпы кө- лөмү эфирдик акысыз убакыттын жалпы көлөмүнөн кем болбоого тийиш, ошон- дой эле акынын өлчөмү бардык талапкерлер, саясый партиялар үчүн бирдей болууга тийиш. Мында ар бир талапкер, саясый партия сакталып коюлган эфирдик убакыттын жалпы көлөмүнөн бул көлөмдү талапкерлердин, саясый партиялардын жалпы санына бөлгөндө чыккан үлүшүнүн чегиндеги убакытты алууга укуктуу.
5. Талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөзүн
үзгүлтүккө учуратууга, ошондой эле аларды кандайдыр бир комментарийлер менен коштоого тыюу салынат.
6. Ушул Кодекстин 30-беренесинин 17-пунктуна аракетине туш келген
телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге, саясый партияларга эфирдик убакытты берүү тартибин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мый- замдары менен белгиленет.
7. Менчиктин түрүнө карабастан талапкерлерге, саясый партияларга
эфирдик убакыт берген телерадио уюмдары жакынкы эфирдик убакытта ошон- дой эле шартта (бирдей баада, бирдей эфирге чыгуу убактысында, бирдей убакыттын көлөмүндө жана башка шарттарда) башка талапкерлерге, саясый партияларга эфирдик убакыт берүүгө милдеттүү.
8. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине арналган теле- жана радио-
берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы шайлоо комиссиялары тарабынан телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча белгиленет жа- на талапкерлердин, саясый партиялардын ортосунда тењдештик талабын сак- тоо менен бөлүштүрүлөт.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 30-берене. Телекөрсөтүү жана радио аркылуу үгүт иштерин жүргүзүү
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-32" title="32-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>