# 23-берене. Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202192)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы № 158 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3630/edition/354003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202192/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу, 23-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-23

---

1. Шайлоочулардын негизги тизмелери жалпы таанышуу жана кошумча

тактоолор үчүн добуш берүү күнүнө чейин 25 календарлык күндөн кечиктир- бестен, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүндө тү- зүлгөн шайлоо участкалары боюнча добуш берүү күнүнө чейин 5 календарлык күн калганда райондук, шаардык округдук жана участкалык шайлоо комисси- ялары тарабынан берилет. Жарандарга тийиштүү шайлоо комиссияларынын имарат-жайында шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу, ошондой эле шайлоочу жөнүндө аларга киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.

2. Активдүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын ар бир

жараны аны шайлоочулардын негизги тизмесине киргизбей койгондук жөнүн- дө, шайлоочулардын негизги тизмесиндеги ар кандай каталыктар жана так эместиктер жөнүндө шайлоо комиссияларына жазуу жүзүндө добуш берүү кү- нүнөн мурдагы күндөн кечиктирбестен, ал эми шайлоочулардын негизги тиз- месиндеги каталыктар же так эместиктер жөнүндө добуш берүү күнү билди- рүүгө акылуу. Участкалык, округдук шайлоо комиссиялары жазуу жүзүндөгү арыздарды, ошондой эле сунуш кылынган документтерди алар түшкөн учурдан баштап 24 сааттын, ал эми добуш берүү күнү 2 сааттын ичинде, бирок до- буш берүү аяктаганга чейин 2 сааттан кечиктирбей текшерүүгө же каталык- тарды жана так эместиктерди жоюуга, болбосо арызды четке кагуунун жүй- өөлөрүн көрсөтүү менен арыз ээсине жазуу жүзүндө жооп кайтарууга мил- деттүү. Шайлоо комиссиясынын чечими тиешелүү жогору турган шайлоо ко- миссиясына, ал эми анын чечими Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн, алар даттанууну эки күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү - дароо кароого милдеттүү.

3. Жарандарды шайлоочулардын негизги тизмесинен чыгаруу шайлоочу-

ларды мамлекеттик каттоону (эсепке алууну) жүргүзгөн тийиштүү органдан же паспортто чагылдырылган маалыматтар менен ошол шайлоо участкасында добуш берүүгө укуксуз экендигин ырастаган шайлоочунун өзүнөн алынган жазуу жүзүндөгү маалыматтардын негизинде гана тийиштүү шайлоо комиссия- сы тарабынан жүргүзүлөт. Мында шайлоочулардын негизги тизмесинде жаран- ды негизги тизмеден чыгарган күн жана анын себеби көрсөтүлөт. Мындай жазуу шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу менен күбөлөндүрүлөт жана ал жогору турган шайлоо комиссиясына, ал эми анын чечими Борбордук шай- лоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн, алар даттанууну эки күн- дүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү - дароо кароого милдеттүү.

4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары Кыргыз Респуб-

ликасынын жарандарын шайлоочулардын тизмелерине киргизүү же киргизбөө жөнүндөгү, шайлоочулардын тизмелериндеги каталар же так эместиктер жө- нүндөгү маселени чечүүдө шайлоо комиссияларына зарыл көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

5. Активдүү шайлоо укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны ал шай-

лоочулардын негизги тизмесине киргизилбей калгандыгы жөнүндө, добуш бе- рүү күнүнөн мурунку күндөн кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссиясы- на берилген шайлоочулардын негизги тизмесиндеги ар кандай каталыктар же так эместиктер жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арызынын (паспорттук маалымат- тарын көрсөтүү менен) жана ошол шайлоо участкасынын аймагында жашаган- дыгынын белгиси (катталгандыгы) бар паспортун көрсөтүшүнүн негизинде тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен киргизилет. Жа- ранды добуш берүү күнү шайлоочулардын кошумча тизмесине киргизүү тизме- ден чыгуу күбөлүгүнүн же соттун чечиминин негизинде, ал эми шайлоочу- лардын негизги тизмесинде ар кандай каталыктар же так эместиктер болгон учурда тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоочу- нун жазуу жүзүндөгү жүйөлүү арызынын (паспорттук маалыматтарын көрсөтүү менен) жана каттоо белгисин (катталгандыгы) көрсөтүшүнүн негизинде жүргүзүлөт. Мындай жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тарабынан жана участкалык шайлоо комиссиянын мөөрү менен, ошон- дой эле кењеш берүү добуш укугу бар шайлоо комиссиясынын кеминде эки мүчөсү тарабынан күбөлөндүрүлөт. Шайлоо комиссиясынын кењеш берүү добуш укугу бар мүчөлөрү жок болгон учурда талапкердин, саясый партиялардын башка өкүлдөрү же байкоочулар тарабынан күбөлөндүрүлөт.

6. Жарандын аны шайлоочулардын тизмесине киргизүү же киргизбөө жө-

нүндөгү жазуу жүзүндөгү арызы тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы тарабынан, шнур өткөрүлгөн, номер коюлган өзүнчө журналга кат- талып, тийиштүү шайлоо комиссиясынын мөөрү менен бекитилүүгө тийиш.

7. Добуш берүү аяктагандан жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө

башталгандан кийин шайлоочулардын тизмесине кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-24)
