# 22-берене. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202192)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы № 158 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3630/edition/354003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202192/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу, 22-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-22

---

1. Шайлоолорду өткөрүүдө шайлоочулардын укуктарын жүзөгө ашыруу,

шайлоочуларды өзү жөнүндөгү маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участкасы боюнча шайлоо- чулардын негизги, ал эми ушул Кодексте каралган учурда кошумча тизмеле- ри түзүлөт.

2. Шайлоо участкаларындагы шайлоочулардын тизмелерине, эгерде ушул

Кодексте башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын добуш берүү күнүндө активдүү шайлоо укугуна ээ жарандары киргизилет.

3. Кыргыз Республикасынын жаранын конкреттүү шайлоо участкасында

шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине киргизүү үчүн анын ошол участканын аймагында туруктуу же көпчүлүк учурда жашагандыгынын факты- сы, ушул Кодексте каралган башка жүйөлөр негиз болуп саналат.

4. Шайлоочулардын негизги тизмелерин түзүү, каттоого алынган шай-

лоочулар жөнүндө маалыматтарды түзүү жана тактоо жергиликтүү аткаруу бийлик органдары тарабынан шайлоо дайындалган учурдан тартып камсыз кы- лынат, ал эми аскер бөлүктөрүндө болгон шайлоочулар-аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана аскер бөлүктөрүнүн аймагында жашаган башка шайлоочулар жагынан аскер бөлүгүнүн командири тарабынан камсыз кылынат.

5. Шайлоочулардын негизги тизмелери ушул Кодексте жана Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шайлоочуларды каттоо (эсепке алуу) мамлекеттик тутумун пайдалануу менен алынган шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтардын негизинде түзүлөт.

6. Жергиликтүү кењештерге депутаттарды шайлоодо тийиштүү админист-

рациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан аскер бөлүктөрүндө, ас- кердик уюмдарда жана мекемелерде чакыруу боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары, эгер ал аскер кызматчылары аскердик кызматка чакырылганга чейин ошол аймакта туруктуу жашабаган болсо, шайлоочулар- дын тизмесине киргизилбейт жана шайлоочулардын санын аныктоодо эске алынбайт.

7. Эс алуу үйлөрүндө, санаторийлерде, стационардык дарылоо-алдын

алуу мекемелеринде, алыскы жана барууга кыйын болгон райондордо жайгаш- кан жерлерде, алыскы мал-чарба участкаларында, тергөө изоляторлорунда жана убактылуу кармоо изоляторлорунда убактылуу турган шайлоочулар жөнүндө, ошондой эле чет мамлекеттердин аймактарында жүргөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтар жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетекчилери, көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, ал эми аскер бөлүктөрүндө аскер бөлүктөрүнүн командирлери тарабынан түзүлөт, кол коюлат жана тийиштүү шайлоо комиссиясына берилет. Жерги- ликтүү кењештердин депутаттарын шайлоодо активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана шайлоочулар убактылуу жүргөн жерлердин көрсөтүлгөн ушул бөлүгүндө турган Кыргыз Республикасынын жарандары, эгерде бул жарандар шайлоо округунун аймагында туруктуу жашабаса, шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт жана шайлоочулардын санын аныктоодо эсепке алынбайт. Шайлоо дайындалган күнгө чейин паспортуна каттоо эсебин алуу ор- гандары тарабынан коюлган каттоо белгилеринин негизинде жатаканаларда жашап турушкан, күндүз окушкан студенттер жана аспиранттар шайлоочулар- дын негизги тизмесине киргизилет жана жатакана турган жерде добуш бери- шет. Талапкер же анын өкүлү, талапкерлердин тизмесин каттаган саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү студенттин жана аспиранттын жатаканада жашаган фактысын тастыктоочу каттоо белгилеринин негизиндеги бардык ке- ректүү документтери менен таанышып чыгууга укуктуу.

8. Президентти, Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү

күнү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде жүргөн жана тиз- меден чыгуу күбөлүктөрүн алуу же мөөнөтүнөн мурда добуш берүү мүмкүнчү- лүгү болбогон Кыргыз Республикасынын активдүү шайлоо укугуна ээ жараны тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү ага катышуу үчүн өзү турган өлкөдө түзүлгөн участкалык шайлоо комиссиясына добуш берүү үчүн келгенде жана өзү туруктуу жашаган жер боюнча шайлоо- чулардын тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыз берсе шайлоочулардын кошумча тизмесине кошулат.

9. Кыргыз Республикасынын жараны шайлоочулардын бир гана негизги

же кошумча тизмесине кошулат. Шайлоочулардын негизги тизмесинде так эместиктер же каталыктар табылган учурда шайлоочулар жөнүндө маалымат- тар шайлоочулардын кошумча тизмесине киргизилет, мында шайлоочулардын негизги тизмесиндеги ал жөнүндө маалыматтар ушул Кодексте белгиленген тартипте жокко чыгарылат. Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун фамили- ясы, аты-жөнү, туулган жылы (18 жашка чыккандарга - кошумча түрдө туул- ган күнү жана айы) жана туруктуу же көпчүлүк учурда жашаган жеринин да- реги көрсөтүлөт.

10. Шайлоочулардын негизги тизмеси эки нускада түзүлөт, аларга

шайлоочулар жөнүндө маалыматтар алфавиттик тартипте же шайлоочунун ту- руктуу жашаган жеринин дареги боюнча (калктуу конуштар, көчөлөр, үйлөр, квартиралар боюнча) жайгаштырылат. Ар бир шайлоо участкасы боюнча шай- лоочулардын негизги тизмелерине айылдарда, поселкаларда, шаарларда - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетек- чилери, башка шаарларда - мэрлер, ал эми Бишкек шаарында - райондук ад- министрациялардын башчылары кол коюшат жана добуш берүү күнүнө чейин кеминде 25 календарлык күн калганда бирден нускасы тийиштүү райондук, шаардык, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларына берилет. Эс алуу үйлөрүндө, санаторийлерде, стационардык дарылоо-алдын алуу мекеме- леринде, алыскы жана барууга кыйын болгон райондордо жайгашкан жерлер- де, алыскы малчарба участкаларында, тергөө изоляторлорунда жана убакты- луу кармоо изоляторлорунда, аскер бөлүктөрүндө убактылуу турган шайлоо- чулардын тизмелери эки нускада түзүлөт, алардагы шайлоочулардын тизме- сине киргизилген шайлоочулар жөнүндө маалыматтар алфавиттик тартипте жайгаштырылып, номер коюлуп, шнур өткөрүлүп жана тийиштүү жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетекчилеринин, жо- горуда аталган мекемелердин жетекчилеринин, аскер бөлүктөрүнүн коман- дирлеринин колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүп жана тийиштүү ра- йондук, шаардык, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларына добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен берилет. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүндөгү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар жөнүндө маалыматты тийиштүү шайлоо комиссиясына берүүнүн формасы, түрү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комис- сиясы тарабынан аныкталат. Шайлоо комиссияларына берилген шайлоочулардын негизги тизмелери номер коюлуп, шнур өткөрүлүп жана тийиштүү жергиликтүү өзалдынча башка- руунун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетекчилеринин, райондук мамлекет- тик администрациялардын башчыларынын, шаарлардын мэрлеринин, аскер бө- лүктөрүнүн командирлеринин колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Шайлоочулардын негизги тизмеси кол коюлуп жана тийиштүү шайлоо комиссиясы мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн учурдан баштап өзгөрүүсүз калат. Шайлоочулардын негизги тизмелеринин аныктыгы, толуктугу жана тие- шелүү райондук, шаардык, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларына өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруу- нун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетекчилерине, райондук администраци- ялардын башчыларына, шаарлардын мэрлерине жана аскер бөлүктөрүнүн ко- мандирлерине, ушул берене да аталган башка адамдарга жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202192/st-23)
