Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене. Байкоочулар, эларалык байкоочулар, жалпыга маалымдоо
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
каражаттарынын өкүлдөрү
1. Байкоочуларды талапкер, саясый партия, коммерциялык эмес уюм
дайындоого укуктуу. Байкоочу аны жөнөткөн жактын жазуу жүзүндөгү жолдо- мосу тиешелүү шайлоо комиссиясына келип түшкөндөн кийин ушул Кодексте каралган байкоочунун укуктарына жана милдеттерине ээ болот.
2. Кыргыз Республикасынын активдүү шайлоо укугуна ээ жарандары
байкоочу боло алат. Жогорку Кењештин депутаттары, жергиликтүү кењештердин депутаттары, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор- гандарынын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, прокурорлор, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, аскер кызматчылары байкоочу боло албайт.
3. Байкоочунун ыйгарым укуктары бул байкоочу таламдарын билдирген
талапкер, саясый партия, коммерциялык эмес уюм берген жолдомодо жазуу жүзүндө тастыкталууга тийиш, мында анын фамилиясы, аты-жөнү, жашаган жери, ошондой эле шайлоо участкасынын номери, ал жөнөтүлүп жаткан шай- лоо комиссиясынын аталышы көрсөтүлөт, ошондой эле ушул берененин экинчи пунктунда каралган чектөөлөр жок экендиги жөнүндө жазуу жазылат. Бул документ паспортту же аны алмаштырган документти көрсөткөн учурда анык. Байкоочуну жөнөтүү жөнүндө алдын ала билдирүү талап кылынбайт.
4. Байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу:
а) шайлоочулардын тизмелери, тизмеден чыгуу күбөлүктөрүн берүү
реестри, шайлоо комиссиясында болгон тизмеден чыгуу күбөлүктөрү, жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;
б) добуш берүү күнү добуш берүү үчүн жайда ушул Кодекстин 17-бере-
несинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн мезгилде ар кандай убакытта болууга;
в) добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде шайлоочулар добуш берип
жаткан учурда катышууга;
г) ушул Кодексте белгиленген добуш берүүнү уюштурууга жана тарти-
бине, анын ичинде шайлоо бюллетендеринин берилишине, шайлоочулардын тизмелерине киргизилген жарандардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюл- летендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кыл- ган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө ар кандай толтурулган же толтурулбаган шайлоо бюллетени менен таанышууга; шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду жана башка документтерди түзүшүнө ушул Кодекстин 17-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн мезгилде байкоо жүргүзүүгө;
д) добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сунуштары жана сын-пи-
кирлери менен - өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрага- сына, ал эми ал жокто аны алмаштырган адамга кайрылууга;
е) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн
жыйынтыктары жөнүндө протоколу менен, ошондой эле жогору турган шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга; көрсөтүлгөн протоколдордун жана ага тиркелген документтердин, ошондой эле ушул Кодекстин 17-бере- несинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн мезгилде тиешелүү шайлоо комиссиясына келип түшкөн же көрсөтүлгөн комиссиялар тарабынан түзүлгөн документтер- дин, анын ичинде добуш берүү учурунда катышкан адамдардын тизмесинин көчүрмөлөрүн даярдоого же тиешелүү шайлоо комиссиясынан алууга. Байкоо- чунун талабы боюнча тиешелүү шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн көчүрмөлөрдү берүүгө же күбөлөндүрүүгө милдеттүү;
ж) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана
(же) аракетине (аракетсиздигине) түздөн-түз жогору турган шайлоо комис- сиясына, Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанууга;
з) тиешелүү шайлоо комиссияларында шайлоочулардын добуштарын кайра
эсептөө учурунда катышууга.
5. Байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:
а) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;
б) шайлоо бюллетендерин алгандыгы жөнүндө шайлоочунун өтүнүчү бо-
юнча ал үчүн кол коюуга;
в) шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн шайлоо бюллетенин толтуруу-
га;
г) добуш берүүнүн купуялыгын бузган аракеттерди жасоого;
д) шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсү жүргүзүп
жаткан шайлоо бюллетендерин эсептөөгө түздөн-түз катышууга аракет кы- лууга;
е) шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылган аракеттерди жасоо-
го;
ж) шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;
з) тиешелүү шайлоо комиссиясы чечимдерди кабыл алышына катышууга.
6. Эларалык байкоочулар шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жа-
рыялангандан киийн Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республи- касынын Жогорку Кењеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республи- касынын Борбордук шайлоо комиссиясы жөнөткөн чакыруу бар болгон учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат. Чакырууларды жөнөтүү жөнүндө сунуштарды адам укуктарын коргоо жагынан таанылган ка- дыр-баркы бар эларалык жана улуттук, коммерциялык эмес уюмдар бере алат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы чакырууларды чет мамлекеттердин шайлоо органдарына, ошондой эле шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселелери боюнча адистешкен эларалык уюмдарга жөнөтөт.
7. Эларалык байкоочулардын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
менен жөнгө салынат.
8. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы эларалык
байкоочуга ал көрсөткөн документтердин (ушул берененин 6-пунктунда көр- сөтүлгөн ар кандай органдан же адамдан алынган эларалык байкоочу катары аккредитациялоо жөнүндө арыздын, ошондой эле эларалык байкоочунун ким экендигин тастыктаган документтин) негизинде белгиленген үлгүдөгү күбө- лүк берет. Күбөлүк эларалык байкоочуга өз ишин ушул берененин 9-пунк- тунда көрсөтүлгөн мезгилде жүзөгө ашыруу укугун берет.
9. Эларалык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал Кыргыз Рес-
публикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланган күндөн тартып башталат жана шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.
10. Эларалык байкоочулар добуш берүү убактысы аяктагандан кийин
гана шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тууралуу, шайлоо- ну даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин ачык билдирүүгө, пресс-кон- ференцияларды өткөрүүгө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү- нө кайрылууга укуктуу.
11. Эларалык байкоочулар өз статусун шайлоону даярдоого жана өткө-
рүүгө байкоо жүргүзүү менен байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн пай- даланууга укуксуз.
12. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы эларалык
байкоочу эларалык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ушул Кодексти, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда анын аккредитациясын кайра чакыртууга укуктуу.
13. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоону даярдоону
жана өткөрүүнү маалымат жактан чагылдырууга катышуу менен, шайлоо ко- миссияларынын жыйналыштарына катышууга, добуш берүүнүн жыйынтыктары жө- нүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколдору менен, ошондой эле шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссияларынын протоколдору, анын ичинде кайра түзүлүүчү протоколдору менен таанышууга, көрсөтүлгөн про- токолдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн даярдоого же тиешелүү комиссиядан алууга, маалыматтык берүүлөр үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы көрсөткөн жерден, мында добуш берүүчүлөр- дүн эрк билдирүүсүнүн купуялыгын бузбастан видеого тартууну жүргүзүүгө укуктуу. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлүнүн талабы боюнча тиеше- лүү шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө же шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун көчүрмөсүн күбөлөндүрүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>