15-берене. Участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
Участкалык шайлоо комиссиясы:
1) участкалык шайлоо комиссиясынын дареги жана телефон номерлери
жөнүндө, анын иш убактысы, ошондой эле добуш берүүчү күн жана анын орду жөнүндө калкка билдирет;
2) шайлоочулардын тизмеси менен шайлоочуларды тааныштырат, шайлоо-
чулардын тизмесиндеги каталыктар жана так эместиктер жөнүндө арыздарды кабыл алат жана карайт, аларга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө- гү маселелерди чечет;
3) шайлоо участкасынын аймагында үгүт материалдарын жайгаштыруу
эрежелеринин сакталышына контролдук кылат;
4) добуш берүү үчүн жайларды, шайлоо ящиктерин жана башка жабдуу-
ларды даярдоону камсыз кылат;
5) шайлоо күнү шайлоо участкасында добуш берүүнү уюштурат;
6) шайлоо участкасы боюнча добуштарды эсептейт жана добуш берүүнүн
жыйынтыктарын белгилейт;
7) ушул Кодекстин бузулганы тууралу арыздарды жана даттанууларды
карайт, алар боюнча чечим кабыл алат;
8) шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан документтерди
жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп берүүнү камсыз кы- лат;
9) ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү мыйзам-
дарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>