# 71-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202191)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы №157 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202191/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3629/edition/341665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202191/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө, 71-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202191/st-71

---

1. Өкмөт өзүнүн ишинде ушул Конституцияда каралган чектерде Прези-

денттин жана Жогорку Кењештин алдында жооптуу болот жана отчет берип турат. Президент Өкмөттүн жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө, мамлекеттин ич- ки жана тышкы саясатынын негизги багыттарына жетишүү боюнча алардын ал- дына максаттарды жана милдеттерди коюуга акылуу.

2. Премьер-министр Өкмөттүн иши жөнүндө жыл сайын Жогорку Кењешке

отчет берип турат.

3. Жогорку Кењеш Премьер-министрдин жылдык отчетун кароонун жыйын-

тыгы боюнча Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени карай алат.

4. Өкмөткө, Өкмөттүн жеке мүчөсүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом

Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ка- был алынат.

5. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе Жогорку Кењеш тарабынан

Президентти кезектеги шайлоого чейин алты ай калганда каралышы мүмкүн эмес.

6. Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндөн кийин Президент Өкмөттүн кыз-

маттан кетиши жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо Жогорку Кењештин чечимине макулдук бербөөгө акылуу.

7. Жогорку Кењеш үч айдын ичинде Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө

чечимди кайталап кабыл алган учурда, Президент Өкмөттү кызматтан кети- рет же болбосо Жогорку Кењешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда белгилейт.

8. Жогорку Кењеш Өкмөттүн айрым бир мүчөсүнө ишеним көрсөтпөгөн

учурунда Президент Өкмөт мүчөсүнүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабыл алууга же Жогорку Кењештин чечими менен макул болбоого укуктуу. Эгерде Жогорку Кењеш алты айдын ичинде Өкмөт мүчөсүнө ишеним көр- сөтпөө жөнүндө чечимди кайталап кабыл алса, Президент Өкмөт мүчөсүн от- ставкага кетирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202191/st-70)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202191/st-72)
