# 65-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202191)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы №157 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202191/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3629/edition/341665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202191/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө, 65-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202191/st-65

---

1. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кењешке киргизилет.

2. Президент же Өкмөт кечиктирилгис деп аныктаган мыйзам долбоор-

лору Жогорку Кењеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.

3. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү

караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан финансылоо булагы аныктал- гандан кийин Жогорку Кењеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн;

4. Конституциялык мыйзамдар, конституциялык мыйзамдарды чечмелөө

жөнүндө мыйзамдар, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толук- тоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдар, мамлекеттик чегараны өзгөртүү жө- нүндө мыйзамдар кеминде эки окуу өткөрүлгөндөн кийин, Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добуш ме- нен Жогорку Кењеш тарабынан кабыл алынат.

5. Өзгөчө жана согуш абалы учурунда конституциялык мыйзамдарга өз-

гөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүгө тыюу салынат.

6. Сөз жана басмасөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга

жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202191/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202191/st-66)
