# 62-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202191)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы №157 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202191/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3629/edition/341665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202191/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө, 62-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202191/st-62

---

1. Жогорку Кењештин сессиясы жыйналыш түрүндө ишке ашырылат жана

сентябрдын биринчи жумуш күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумуш күнүнө чейин жүргүзүлөт.

2. Эгерде каралып жаткан маселелердин мүнөзү жабык жыйналыш

өткөрүүнү талап кылбаса, Жогорку Кењештин жыйналыштары ачык жүргүзүлөт.

3. Жогорку Кењештин кезексиз сессиялары Президенттин, Өкмөттүн же

Жогорку Кењештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча Жо- горку Кењештин Төрагасы тарабынан чакырылат.

4. Жогорку Кењештин жыйналышы ага Жогорку Кењештин депутаттарынын

жалпы санынын көпчүлүгү катышса ыйгарым укуктуу болот.

5. Жогорку Кењештин чечимдери жыйналыштарда депутаттардын добуш

берүүсү менен кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202191/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202191/st-63)
