Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-статья. Мамлекеттик алымды төлөө жана кайтарып берүү тартиби
Күчүн жоготкон · 15.08.2007 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 10 августа 2018 года № 89.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2008 года № 168
1. Мамлекеттик алым банктарга (филиалдарга) жана башка финансы-
лык-кредиттик мекемелерге улуттук валютада накталай акча менен же бол-
босо банктагы төлөөчүнүн эсебинен которуу жолу менен төлөнөт. Мамлекет-
тик алымды алуу белгиленген формадагы квитанцияларды берүү аркылуу жү-
зөгө ашырат.
Мамлекеттик алымдын өлчөмүн аныктоодо эмгек акынын минимум өлчөмү-
нүн белгиленген аз өлчөмү менен мамлекеттик алымды төлөө күнүнө карата
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган эмгекке акы төлөөнүн
минимум өлчөмү эске алынат.
2. Эгерде тараптардын бири мыйзам боюнча мамлекеттик алым төлөөдөн
бошотулса, аны экинчи тарап толугу менен төлөп берет.
3. Мамлекеттик алым ал салынуучу аракет ишке ашырылганга чейин,
ошондой эле, сотко кайрылгандан башка учурларды кошпогондо документтер-
ди берүүдө төлөнөт. Сотко кайрылганда мамлекеттик алым соттун доо арыз-
ды жана башка арыздарды жана даттанууларды кароосунун жыйынтыгы боюнча
алынат.
4. Төлөнгөн мамлекеттик алым төмөнкүдөй учурларда толук же жа-
рым-жартылай кайтарылып берилүүгө тийиш:
1) мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-
генден көп өлчөмдө төгүлгөндө;
2) нотариалдык иштерди жасоого ыйгарым укуктуу органдар аны жасоо-
дон баш тарткан учурда;
3) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына
ылайык алынып салынды)
4) мамлекеттик алым төлөгөн адамдар юридикалык жактан маанилүү иш-
терди жасоодон баш тартса;
5) жашы жетелек балдары жок жубайлардын өз ара макулдугу боюнча
никени бузууну каттоо үчүн мамлекеттик алымды төлөсө, эгерде никени бу-
зуу жубайлардын элдешүүсүнө же бирөөнүн келбей калышына байланыштуу
болбой калса;
6) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Респуб-
ликасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүүдөн баш тартылса;
7) сот актысын кайра кароо жана даттанылуучунун сот актысын жоюу
жөнүндө даттануулары канааттандырылса;
8) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аныктоочу башка
учурларда.
Прокурор мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо боюнча ага
берилген доолорду канааттандыруудан баш тарткан учурда мамлекеттик алым
мамлекеттик органдарды кошпогондо доо койгон адамдардан өндүрүлөт.
Мамлекеттик алымды кайтаруу алым бюджетке түшкөн күндөн баштап,
бир жылдык мөөнөт бүткөнгө чейин сотко арыз берилген шартта соттун
аныктамасынын негизинде аны бюджетке чегерген жердеги финансылык-кре-
диттик мекемелер аркылуу мамлекеттик салык органдары тарабынан жүргүзү-
лөт.
5. Мамлекеттик алымды толук же жарым-жартылай кайтарып берүү үчүн
негиз болуп саналуучу кырдаал сот тарабынан сот актысында көрсөтүлөт.
6. Мамлекеттик алым төмөнкүдөй учурларда кайтарылып берилбейт:
1) доогер коюлган доодон баш тартса;
2) доогер өзүнүн талаптарын азайтса;
3) иш тараптардын тынчтык жол аркылуу макулдашуусу менен бүткөн
учурларда.
Берененин тексти 15.08.2007 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 25.07.2008 · № 168 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202187/st-8" title="8-статья - Мамлекеттик алым жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>