# 3-статья. Мамлекеттик алым алуу объектилери

- Документ: [Мамлекеттик алым жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202187)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы № 153 "Мамлекеттик алым жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2007
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2018 года № 89 "О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111819)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2008 года № 168 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202379)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202187#diff=893461..893456>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202187/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3625/edition/893455/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202187/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик алым жөнүндө, 3-статья (15.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202187/st-3

---

Мамлекеттик алым төмөнкүлөрдөн алынат.

1) көзөмөл тартибиндеги соттук актылардын кайра кароо жөнүндө дат-

тануулардан тышкары сотко берилүүчү доо коюу жана башка арыздардан жана

даттануулардан, ошондой эле сот тарабынан документтердин көчүрмөлөрүн

берүү үчүн;

2) нотариалдык конторалар жана ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-

гандар тарабынан нотариалдык иштерди жасоо, ошондой эле нотариалдык

жактан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн (дубликаттарын) бе-

рүү үчүн;

3) жарандык абалды каттоо жөнүндө кайтадан күбөлүктөрдү жана жа-

рандык абалдын актылары боюнча жазуулардын өзгөрүшүнө, толукталышына,

оњдолушуна жана калыбына келтирүүгө байланыштуу жарандарга күбөлүктөрдү

берүү үчүн;

4) чет өлкөлөргө чыгуу жана чет өлкөлөрдөн адамдардын Кыргыз Рес-

публикасына чакыруу боюнча келүү укугуна документтерди жолжоболоштуруу,

ушундай документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн; паспорт же аларды

алмаштыруучу документтер боюнча чет өлкөлүк жарандарды каттоо жана кат-

тоо мөөнөттөрүн узартуу үчүн; жашап турууга укук берүү же аны узартуу

үчүн; Кыргыз Республикасына келүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгуу

укугуна чет өлкөлүк жаранга виза берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын ай-

магында болуу укугуна визаны узартуу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республи-

касынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан

чыгуу жөнүндө документтерди кароо үчүн;

5) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Респуб-

ликасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн;

6) ањчылык, балык кармоо укугуна жана Кыргыз Республикасынын мый-

замдарында аныкталган башка иштерге уруксат берүү үчүн;

7) аукциондорду өткөрүү үчүн, аукциондордо жасалуучу бүтүм үчүн;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мекемелердин

мүлкүн сатып алуу үчүн;

8) мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана нотариалдык кү-

бөлөндүрүүнү талап кылбаган жер участокторуна укуктар менен жасалуучу

бүтүмдөр үчүн;

9) лицензияларды берүү үчүн;

10) жашаган жери боюнча жарандарды каттоо үчүн;

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизме боюнча Кыргыз

Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу, юридикалык мааниси бар

документтерди берүү жана башка иш-аракеттер үчүн.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202187/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202187/st-4)
