# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы № 153 "Мамлекеттик алым жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы № 153 "Мамлекеттик алым жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3625/edition/893455/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы № 153 "Мамлекеттик алым жөнүндө" Мыйзамы (15.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202187

---

КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык

2019-жылдын 1-январынан тартып

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары

2007-жылдын 15-августу № 153

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Мамлекеттик алым жөнүндө

2007-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168

Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-статья. Түшүнүктөр жана мамлекеттик алым төлөөчүлөр](https://aqlex.ai/kg/doc/202187/st-1)

Мамлекеттик алым - тиешелүү мамлекеттик органдар - соттор, нотари-

аттар жана башка атайын ыйгарым укуктуу органдар тийиштүү бир иштерди

аткарууда жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө алар тара-

бынан өндүрүлүүчү акча жыйымы.

Мамлекеттик алым төлөөчүлөр жеке адамдар жана юридикалык жактар

болуп эсептелет.

### [2-статья. Мамлекеттик алымдын түрлөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/202187/st-2)

Мамлекеттик алым жөнөкөй жана пропорционалдуу болуп бөлүнөт. Жөнө-

көй мамлекеттик алым туруктуу суммада алынат. Пропорционалдуу мамлекет-

тик алым тиешелүү суммада пайыздык катышта алынат.

### [3-статья. Мамлекеттик алым алуу объектилери](https://aqlex.ai/kg/doc/202187/st-3)

Мамлекеттик алым төмөнкүлөрдөн алынат.

1) көзөмөл тартибиндеги соттук актылардын кайра кароо жөнүндө дат-

тануулардан тышкары сотко берилүүчү доо коюу жана башка арыздардан жана

даттануулардан, ошондой эле сот тарабынан документтердин көчүрмөлөрүн

берүү үчүн;

2) нотариалдык конторалар жана ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-

гандар тарабынан нотариалдык иштерди жасоо, ошондой эле нотариалдык

жактан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн (дубликаттарын) бе-

рүү үчүн;

3) жарандык абалды каттоо жөнүндө кайтадан күбөлүктөрдү жана жа-

рандык абалдын актылары боюнча жазуулардын өзгөрүшүнө, толукталышына,

оњдолушуна жана калыбына келтирүүгө байланыштуу жарандарга күбөлүктөрдү

берүү үчүн;

4) чет өлкөлөргө чыгуу жана чет өлкөлөрдөн адамдардын Кыргыз Рес-

публикасына чакыруу боюнча келүү укугуна документтерди жолжоболоштуруу,

ушундай документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн; паспорт же аларды

алмаштыруучу документтер боюнча чет өлкөлүк жарандарды каттоо жана кат-

тоо мөөнөттөрүн узартуу үчүн; жашап турууга укук берүү же аны узартуу

үчүн; Кыргыз Республикасына келүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгуу

укугуна чет өлкөлүк жаранга виза берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын ай-

магында болуу укугуна визаны узартуу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республи-

касынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан

чыгуу жөнүндө документтерди кароо үчүн;

5) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Респуб-

ликасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн;

6) ањчылык, балык кармоо укугуна жана Кыргыз Республикасынын мый-

замдарында аныкталган башка иштерге уруксат берүү үчүн;

7) аукциондорду өткөрүү үчүн, аукциондордо жасалуучу бүтүм үчүн;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мекемелердин

мүлкүн сатып алуу үчүн;

8) мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана нотариалдык кү-

бөлөндүрүүнү талап кылбаган жер участокторуна укуктар менен жасалуучу

бүтүмдөр үчүн;

9) лицензияларды берүү үчүн;

10) жашаган жери боюнча жарандарды каттоо үчүн;

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизме боюнча Кыргыз

Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу, юридикалык мааниси бар

документтерди берүү жана башка иш-аракеттер үчүн.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

### [4-статья. Мамлекеттик алымдын ставкалары](https://aqlex.ai/kg/doc/202187/st-4)

Мамлекеттик алымдын ставкалары Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-

њешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белги-

ленет жана өзгөртүлөт.

### [5-статья. Мамлекеттик алымдын ставкаларын азайтуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202187/st-5)

Жарандардын айрым категорияларына Кыргыз Республикасынын жаранынын

паспортун берүүдө мамлекеттик алымдын ставкалары Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипке жана тизмеге ылайык азайтылат.

### [6-статья. Мамлекеттик алым төлөө боюнча жењилдиктер](https://aqlex.ai/kg/doc/202187/st-6)

1.Ишти сотто кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик алым алуудан

төмөнкүлөр бошотулат:

1) доогерлер - эмгекке акы төлөө тартибинде жана эмгектик укук ма-

милелеринен келип чыгуучу башка талаптар боюнча эмгек акыны жана башка

суммаларды өндүрүү жөнүндө доолор боюнча;

2) доогерлер - автордук укуктан, ойлоп чыгууга, пайдалуу моделге,

өнөр жай үлгүсүнө автордук укуктардан, ошондой эле интеллектуалдык мен-

чикке башка укуктардан келип чыгуучу доолор боюнча;

3) доогерлер - алименттерди өндүрүү боюнча доолор боюнча;

4) доогерлер - майып болуу же ден соолугуна башка жаракат алуу бо-

юнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө, ошондой эле багуучусу-

нун өлүмүнө байланыштуу доолор боюнча;

5) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана анын органдары жапа

чеккендерге же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнгөн жөлөкпулдар менен пен-

сиялардын суммасына зыян келтирүүчүдөн аны өндүрүү жөнүндө регрессивдүү

доо боюнча, туура эмес төлөнгөн жөлөкпулдар менен пенсияларды өндүрүү

жөнүндө доо боюнча, жарандардан милдеттүү төлөмдөрдү өндүрүү жөнүндө

доо боюнча, милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыз-

дандыруу төлөмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндө доо боюнча, өндү-

рүлгөн суммалар пенсиялар менен жөлөкпулдарды каржылоого жумшала турган

мүлктүк мүнөздөгү доолор боюнча;

6) доогерлер - кылмыш тарабынан келтирилген материалдык зыяндын

ордун толтуруу жөнүндө доолор боюнча;

7) тараптар - никени бузуу жөнүндөгү иштер боюнча апелляциялык

даттануулардан;

8) тараптар - мыйзамсыз камоо, кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз

тартуу, алдын алуу чарасы катарында камакка алууну мыйзамсыз колдонуу

же болбосо камакка алуу же түзөтүү иштери түрүндө мыйзамсыз администра-

циялык жаза берүү аркылуу жаранга келтирилген зыяндын ордун толтуртууга

байланыштуу талаш-тартыштар жана регрессивдүү доолор боюнча;

9) жеке адамдар жана юридикалык жактар - кылмыш иштерин жана али-

менттерди өндүрүү жөнүндө иштерди кароого байланыштуу аларга документ-

терди берүү үчүн;

10) жарандар - мамлекеттик жөлөкпулдарды жана пенсияларды алуу

үчүн, ошондой эле бала (кыз) асырап алуу жана камкорчулук иштери боюнча

керектүү документтерди берүү же документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралы-

гын күбөлөндүрүү үчүн;

11) мамлекеттик жана коомдук органдар, жеке адамдар жана юридика-

лык жактар башка жактардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кы-

зыкчылыктарын коргоого сотко арыз менен кайрылган учурларда;

12) жарандар - кылмыш жасоодон келтирилген материалдык зыянды

өндүрүүнүн тууралыгы талашка түшкөн кылмыш иштери боюнча апелляциялык

даттануулардан;

13) ички иштер органдары - доогерлер - алименттерди жана башка тө-

лөмдөрдү төлөөдөн качкан адамдарды издөө боюнча чыгымдарды өндүрүү жө-

нүндө иштер боюнча;

14) финансы органдары - өзгөчө өндүрүш иштери боюнча арыздарды

сотко берүү үчүн;

15) жеке адамдар жана юридикалык жактар - сотко төмөнкүлөрдү берүү

үчүн:

- ишти токтотуу же аларды кароосуз калтыруу жөнүндө сот актыларын

жоюу тууралуу, сот актысын аткарууну кийинкиге калтыруу же жылдыруу

мөөнөтүн берүү жөнүндө, сот актысын аткаруу ыкмасын жана тартибин өз-

гөртүү, даттанууларды камсыздоо же камсыз кылуу түрүн башкага алмашты-

руу жөнүндө арыздарды;

- жањыдан ачылган кырдаал боюнча сот актыларын кайра кароо жөнүндө

арыздарды;

- сот тарабынан салынган айыптарды алып салуу же азайтуу жөнүндө

арыздарды;

- өтүп кеткен мөөнөттөрдү калыбына келтирүү жөнүндө арыздарды,

ошондой эле сот аткаруучулардын иштерине даттанууларды;

- айыптарды алып салуу же азайтуудан баш тартуу жөнүндө сот акты-

ларына жеке даттанууларды, сот актыларына башка жеке даттанууларды;

- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча ага ыйгарым

укуктуу органдар тарабынан чыгарылган актыларга даттанууларды;

16) прокурор - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын кызыкчы-

лыктарында, ошондой эле коомдук жана мамлекеттик таламдарды коргоого

берилген дооматтар боюнча;

17) бардык инстанцияларда доогер жана жоопкер катары чыгуучу са-

лык, бажы жана башка финансы органдары - мыйзамдарда белгиленген негиз-

дер боюнча ар кандай уюштуруучулук-укуктук формадагы юридикалык жактар-

ды жоюу жөнүндө; юридикалык жакты түзүүнүн белгиленген тартибин бузган

же мыйзамдардын талаптарына уюштуруу документтери туура келбеген учур-

ларда юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жараксыз деп табуу жө-

нүндө; мындай учурларда алынган кирешелерди өндүрүү жөнүндө; бүтүмдөрдү

жараксыз деп табуу жана мындай бүтүмдөр боюнча бардык алынгандарды мам-

лекеттин кирешесине өндүрүү жөнүндө; башка мыйзамсыз иштердин натыйжа-

сында бардык сатып алынгандардын суммасын өндүрүү жөнүндө дооматтар бо-

юнча;

18) майыптардын коомдук уюмдары, азиздер менен дүлөйлөрдүн коому,

алардын мекемелери, окуу-өндүрүштүк ишканалары жана бирикмелери - сотко

берилүүчү бардык доолор боюнча;

19) жаратылышты коргоо органдары - айлана-чөйрөнү булгоо жана жа-

ратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу, ањчылык, балыкчылык жана

балык запастарын коргоо эрежелерин бузуу менен мамлекетке келтирилген

зыяндын ордун толтурууга каражаттарды мамлекеттин кирешесине өндүрүү

жөнүндө доолор боюнча;

20) доогерлер - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу

мамлекеттик орган - мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана мен-

чиктештирүү, акциялардын мамлекеттик пакетине эсептелген дивиденддер

жана кредиттер боюнча карыздарды өндүрүү маселелерине байланыштуу доо-

лор боюнча;

21) доогерлер - стандартташтыруу, метрология жана сертификатташты-

руу боюнча эрежелерди бузгандыгы үчүн мөөнөтүндө айып төлөбөгөндүгүнө

байланыштуу доолор боюнча;

22) доогерлер - керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого байланыштуу

доолор боюнча;

23) администратор (жоюучу) - "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө"

жана "Банктарды консервациялоо, жоюу же банкрот кылуу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук процесси же жоюу проце-

дурасы жүргүзүлүп жаткан жактын таламдарында бардык иштер боюнча доогер

жана жоопкер катары чыкканда;

24) банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган жана анын

аймактык органдары - карыз болгон жакты банкрот деп табуу жөнүндө арыз

боюнча;

25) илим жана интеллектуалдык менчик тармагындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасындагы тиешелүү мыйзамдар менен

аныкталган функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түз

байланышкан доолор боюнча;

26) монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик

орган - бюджетке айыптык жана экономикалык санкцияларды өндүрүү жөнүндө

жана монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-

дын актысын аткарууга мажбурлоо жөнүндө доолор боюнча;

27) баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-

ган - анын компетенциясына кирген маселелерге байланыштуу, анын ичинде

баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү жана чыгарылган баалуу кагаз-

дарды жараксыз деп табуу жөнүндө доолор боюнча;

28) доогер катары чыгуучу мамлекеттик органдар - кызматтык милдет-

терин аткарууда зыян келтирген жактарга карата регрессивдүү доолор бо-

юнча;

29) мамлекеттик материалдык резервдер боюнча ыйгарым укуктуу мам-

лекеттик орган - Кыргыз Республикасындагы тиешелүү мыйзамдар менен

аныкталган функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түз

байланышкан доолор боюнча;

30) спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу, сактоо жана

сатууга контролдук кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган спир-

тти жана алкоголдук продукцияларды чыгарууга жана жүгүртүүгө мамлекет-

тик монополия чөйрөсүндөгү таламдарды коргоо, ошондой эле келтирилген

зыяндын ордун толтуруу боюнча доогерлер;

31) санитардык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

санитардык мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу доолор боюнча доогерлер;

32) Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин би-

ринчи секретарлары, бул кызматта кеминде 5 жыл иштегендер - өздөрүнүн

ар-намысын жана беделин коргоого байланыштуу доолору боюнча;

33) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү - бардык иштер боюнча доогер жа-

на жоопкер катарында.

Сот же судья категориялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан

аныкталуучу жакыр жана аз камсыз болгон жарандарды - доогерлерди сот

иштери боюнча мамлекеттик алымды төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошо-

тууга укуктуу.

2.(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамы-

на ылайык алынып салынды)

3. Нотариалдык иштерди аткарган органдарда төмөнкүлөр мамлекеттик

алым төлөөдөн бошотулат:

1) жарандар - мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу үчүн зарыл болгон до-

кументтердин көчүрмөлөрүнүн (дубликаттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү

үчүн, ошондой эле бала багып алуу иштери боюнча;

2) жарандар - алардын мурастарын жана мүлктү белекке берүү кели-

шимдерин мамлекеттин пайдасына күбөлөндүрүү үчүн;

3) салык жана финансы органдары - мурастоого мамлекеттин укугу жө-

нүндө аларга күбөлүктөрдү же анын дубликаттарын, ошондой эле күбөлүк-

төрдү жана алардын дубликаттарын алуу үчүн зарыл болгон бардык докумен-

ттерди берүү үчүн;

4) майыптардын коомдук уюмдары, азиздер менен дүлөйлөр коому,

алардын мекемелери, окуу-өндүрүштүк ишканалар жана бирикмелер - бардык

нотариалдык иштер боюнча;

5) юридикалык жактар жана жарандар - аларга мурастоого укугу жө-

нүндө күбөлүктөрдү берүү үчүн:

- мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарууга байланыштуу мамле-

кетти коргоодо же болбосо адам өмүрүн сактоо, мамлекеттик менчикти же

укук тартибин коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын жаранынын милдетин

аткарууга байланыштуу курман болгон адамдардын мүлкү;

- эгерде мурастоочу адам менен бирге жашаса, мурастоочу адам өлгөн

күндө ошол жерде каттоодо турса жана ал өлгөндөн кийин да ошол үйдө

(квартирада) жашаса, турак үй (квартира) же турак жай-курулуш коопера-

тивиндеги пай жөнүндө;

- банктардагы салымдар, жеке мүлктүк камсыздандыруу келишими боюн-

ча камсыздандыруу суммалары, мамлекеттик займдардын облигациялары, эм-

гек акы, автордук укуктар суммалары, автордук гонорардын суммасы жана

ачылыштар, ойлоп табуулар жана өнөр жайлык үлгүлөр үчүн сыйлыктар;

6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана анын мекемелери -

бардык нотариалдык иш-аракеттер боюнча;

7) жарандар - пенсияларды жана жөлөкпулдарды алууга ишеним каттар-

ды күбөлөндүрүү үчүн;

8) энелер - көп балалуулугу үчүн аларды ордендер жана медалдар ме-

нен сыйлоо жөнүндө иштер боюнча документтердин көчүрмөлөрүнүн (дубли-

каттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн;

9) Кыргыз Республикасынын аскер бөлүктөрү, мекемелери, ишканалары

жана уюмдары - зыяндын ордун толтурууга карыздарды өндүрүү жөнүндө ат-

каруу жазууларын жасашкандыгы үчүн;

10) мектеп - интернаттар - мектеп-интернаттарда балдарды кармоо

үчүн ата-энелерден карыздарды өндүрүү жөнүндө аткаруу жазууларын жасаш-

кандыгы үчүн;

11) финансы органдары - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социал-

дык жактан коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын

баштапкы кесиптик билим берүү системасынын кесиптик окуу жайларында,

лицейлеринде балдарды окутуу жана багуу үчүн ата-энелерден карыздарды

өндүрүү жөнүндө аткаруу жазууларын жасашкандыгы үчүн;

12) иштеген (кызматтык) жери боюнча бөөдө кырсыктын натыйжасында

өлүмгө учураса, эгерде алар ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин

каражаттарынын эсебинен камсыздандырылса, жумушчулар менен кызматчылар-

дын мурасчылары - камсыздандыруу сый акысын мурастоо укугун ырастоочу

күбөлүктөрдү берүү үчүн;

13) жин оорусунан же кем акылдыктан жапа чеккен, аларга мыйзамда

белгиленген тартипте камкордук көрүү уюштурулган жарандар - аларга мүл-

ктү мурастоо жөнүндө күбөлүк алуу үчүн;

14) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, алар-

дын аялдары, ошондой эле Мекенди коргоодо же аскердик кызматтын башка

милдетин аткарууда алган жаракаттан, контузиядан же майыптыктан же бол-

босо фронтто болууга байланыштуу оорунун кесепетинен майып болушкан ас-

кер кызматчыларынын арасындагы башка майыптар - бардык нотариалдык

иш-аракеттер боюнча;

15) Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан

адамдар - жењилдиктерди берүү үчүн керектүү документтеринин көчүрмөлө-

рүнүн (дубликаттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн;

16) жарандар - жүргүнчүлөрдү милдеттүү камсыздандыруу боюнча кам-

сыздандыруу суммаларын жана жарандарга таандык мүлктү милдеттүү камсыз-

дандыруу боюнча камсыздандыруу ордун толтурууларды мурастоо укугу жө-

нүндө аларга күбөлүктөрдү берүү үчүн;

17) реабилитацияланган жарандар, багуучусунан ажырагандыгы боюнча

пенсия менен камсыздалуучу адамдардын чөйрөсүнө кирген алардын үй-бүлө

мүчөлөрү жана мыйзам боюнча биринчи кезектеги мурасчылары - реабилита-

циялоого жана зыяндын ордун толтурууга байланыштуу алар үчүн жасалуучу

бардык иш-аракеттер үчүн;

18) автордук укуктар боюнча уюмдар - автордук укуктар боюнча тө-

лөөгө эсептелген сыйлыктарды өндүрүү жөнүндө аткаруу жазууларын жаса-

гандыгы үчүн;

19) үй-бүлөнүн орточо ар бир жанга кирешеси жакырчылыктын чегинен

төмөн болгон жакыр жарандар - бардык нотариалдык иш-аракеттер боюнча.

4. Кыргыз Республикасынан башка мамлекеттерге чыгуу жөнүндө иштер

боюнча төмөнкүлөр мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат:

1) жарандар - аларга дипломатиялык жана кызматтык паспортторду бе-

рүү үчүн;

2) чет өлкөлүк туристтер - алардын документтерин каттоо үчүн;

3) жарандык жана кылмыш иштери боюнча тараптар, күбөлөр, жабырла-

нуучулар жана эксперттер катары жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери

боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдерге ылайык чет өлкөлүк

сотторго чакырылуучу жарандар - аларга чет өлкөлөргө чыгуу укугуна

уруксаттарды жана документтерди берүү үчүн.

4) окууга же өндүрүштүк практикадан өтүүгө кетип жаткан окуучулар

жана студенттер - аларга жарандын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн.

5. Жашаган жери боюнча жарандарды каттоо үчүн мамлекеттик алым

төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:

1) кары-картањдар жана майыптар үчүн үй-интернаттарда жашаган ка-

ры-картањдар жана майыптар;

2) мектеп - интернаттардын жана баштапкы кесиптик билим берүү ме-

кемелеринин толугу менен мамлекеттик камсыздоодо турган жана жатакана-

ларда жашаган окуучулары.

6. Жарандык абал актыларын каттоо жүргүзүүчү органдарга төмөнкүлөр

мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат:

1) билим берүү уюмдары, жашы жетелектердин иштери боюнча комиссия-

лар - ата-энелерден кароосуз калган балдарды жана жетим балдарды бардык

балдардын интернаттык мекемелерине жиберүү үчүн туулгандыгы тууралуу

күбөлүктөрдүн дубликаттарын берүү үчүн;

2) жарандар - төрөлгөнүн, өлгөндүгүн, бала (кыз) асырап алууну жа-

на аталыгын аныктоону каттоо үчүн, аларга жарандык абал актыларын кат-

тоодо кетирилген каталыктарга байланыштуу аталыгын аныктоо, бала (кыз)

багып алуу учурларында, туулгандыгы жөнүндө актылардын жазууларын өз-

гөртүүдө, толуктоо жана ондоо күбөлүктөрдү берүү үчүн;

3) жарандар - белгиленген тартипте дайынсыз жоголгондугун же жин

оорусунан же кем акылдыгынан улам жөндөмсүз деп табылган адамдар менен

же болбосо кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан кем эмес мөөнөткө эркинен

ажыратылган адамдар менен никени бузуу жөнүндө соттун чечиминин неги-

зинде күбөлүктөрдү берүү үчүн;

4) жарандар - реабилитацияланган туугандарынын өлүмү тууралуу

аларга дубликаттарды берүү же мурда берилген күбөлүктөрдү алмаштыруу

үчүн;

5) жарандар - жарандык абал актыларын каттоо үчүн;

6) жарандар - тынчтык мезгилде аскердик кызматты өтөө убагында

курман болушкан аскер кызматчыларынын жана аскер адистеринин өлгөндүгү

тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн, жазууларды өзгөртүүгө, толуктоого жа-

на ондоого байланыштуу, ошондой эле күбөлүктөрдүн дубликаттарын берүү

үчүн.

7. Мамлекеттик алым төлөөдөн биринчи жолу жалпы жарандык паспорт

алгандар жана жашаган жери боюнча каттоодо турган жана жумушсуздугу бо-

юнча жөлөкпул алган жумушсуз жарандар бошотулат.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

### [7-статья. Мамлекеттик алымды бюджетке кириштөө](https://aqlex.ai/kg/doc/202187/st-7)

Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан алынуучу мамлекеттик

алым:

- сотко кайрылууда республикалык бюджетке түшөт;

- нотариатка жана жарандык абал актыларын каттоочу органдарга кай-

рылганда - 90 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке, 10 пайыз өлчөмүндө

- юстиция мекемелерин өнүктүрүү жана материалдык жактан колдоо фондуна

түшөт;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республи-

касынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органга кайрылганда 85 пайыз өлчөмүндө - ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органдын атайын блокирленген эсебине, 15 пайыз өлчөмүндө

ички иштер органдарын өнүктүрүү фондуна түшөт.

### [8-статья. Мамлекеттик алымды төлөө жана кайтарып берүү тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/202187/st-8)

1. Мамлекеттик алым банктарга (филиалдарга) жана башка финансы-

лык-кредиттик мекемелерге улуттук валютада накталай акча менен же бол-

босо банктагы төлөөчүнүн эсебинен которуу жолу менен төлөнөт. Мамлекет-

тик алымды алуу белгиленген формадагы квитанцияларды берүү аркылуу жү-

зөгө ашырат.

Мамлекеттик алымдын өлчөмүн аныктоодо эмгек акынын минимум өлчөмү-

нүн белгиленген аз өлчөмү менен мамлекеттик алымды төлөө күнүнө карата

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган эмгекке акы төлөөнүн

минимум өлчөмү эске алынат.

2. Эгерде тараптардын бири мыйзам боюнча мамлекеттик алым төлөөдөн

бошотулса, аны экинчи тарап толугу менен төлөп берет.

3. Мамлекеттик алым ал салынуучу аракет ишке ашырылганга чейин,

ошондой эле, сотко кайрылгандан башка учурларды кошпогондо документтер-

ди берүүдө төлөнөт. Сотко кайрылганда мамлекеттик алым соттун доо арыз-

ды жана башка арыздарды жана даттанууларды кароосунун жыйынтыгы боюнча

алынат.

4. Төлөнгөн мамлекеттик алым төмөнкүдөй учурларда толук же жа-

рым-жартылай кайтарылып берилүүгө тийиш:

1) мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-

генден көп өлчөмдө төгүлгөндө;

2) нотариалдык иштерди жасоого ыйгарым укуктуу органдар аны жасоо-

дон баш тарткан учурда;

3) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына

ылайык алынып салынды)

4) мамлекеттик алым төлөгөн адамдар юридикалык жактан маанилүү иш-

терди жасоодон баш тартса;

5) жашы жетелек балдары жок жубайлардын өз ара макулдугу боюнча

никени бузууну каттоо үчүн мамлекеттик алымды төлөсө, эгерде никени бу-

зуу жубайлардын элдешүүсүнө же бирөөнүн келбей калышына байланыштуу

болбой калса;

6) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Респуб-

ликасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүүдөн баш тартылса;

7) сот актысын кайра кароо жана даттанылуучунун сот актысын жоюу

жөнүндө даттануулары канааттандырылса;

8) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аныктоочу башка

учурларда.

Прокурор мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо боюнча ага

берилген доолорду канааттандыруудан баш тарткан учурда мамлекеттик алым

мамлекеттик органдарды кошпогондо доо койгон адамдардан өндүрүлөт.

Мамлекеттик алымды кайтаруу алым бюджетке түшкөн күндөн баштап,

бир жылдык мөөнөт бүткөнгө чейин сотко арыз берилген шартта соттун

аныктамасынын негизинде аны бюджетке чегерген жердеги финансылык-кре-

диттик мекемелер аркылуу мамлекеттик салык органдары тарабынан жүргүзү-

лөт.

5. Мамлекеттик алымды толук же жарым-жартылай кайтарып берүү үчүн

негиз болуп саналуучу кырдаал сот тарабынан сот актысында көрсөтүлөт.

6. Мамлекеттик алым төмөнкүдөй учурларда кайтарылып берилбейт:

1) доогер коюлган доодон баш тартса;

2) доогер өзүнүн талаптарын азайтса;

3) иш тараптардын тынчтык жол аркылуу макулдашуусу менен бүткөн

учурларда.

### [9-статья. Мамлекеттик алым алуунун тууралыгы үчүн кызмат](https://aqlex.ai/kg/doc/202187/st-9)

адамдарынын жоопкерчилиги

Мамлекеттик алым алуучу мекемелердин жетекчилери иш-аракеттердин

өз учурунда аткарылышы жана документтердин берилиши, алым алуунун туу-

ралыгы, ошондой эле белгиленген тартипте бюджетке өз учурунда жана то-

лук төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.

Мамлекеттик алым алуучу мекемелердин иш-аракеттерин контролдоо

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

### [10-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулушу](https://aqlex.ai/kg/doc/202187/st-10)

Мамлекеттик алым алуу шарттарына жана тартибине тиешелүү мыйзамдар

жана башка ченемдик укуктук актылар аларды кабыл алуу мезгилине кара-

бастан ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүктөрдө колдонулат.

### [11-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши](https://aqlex.ai/kg/doc/202187/st-11)

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ченемдик укуктук актыларын ушул

Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча чараларды көрсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

(Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-ж., N

3, 88-ст.);

- "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,

1994-ж., № 1, 8-ст.);

- "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1995 -ж., № 12, 434-ст.);

- "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,

1998-ж., № 12, 501-ст.);

- "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 1-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана

толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

3-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2000-ж.,

№ 10, 632-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана

толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

1-статьясы ("Эркинтоо" газетасы, 2001-жылдын 20-июлу, № 53);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана

толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

5-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж.,

№ 8, 374-ст.);

- "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына то-

луктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 2-ст.);

- "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., №

1, 3-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр кир-

гизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2005 -жыл., № 10, 760-ст.).

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
