# 9-статья. Ченөө каражаттарынын жана заттар менен материалдардын

- Документ: [Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202183)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 149 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 июля 2014 года № 118 "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 мая 2012 года № 71 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/203671)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183#diff=563015..563016>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3621/edition/563015/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202183/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө, 9-статья (09.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-9

---

курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнүн тибин бекитүү

Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген, же Кыргыз Республикасында чыгарылган ченөө каражаттары жана стандарттык үлгүлөрү жүгүртүүгө чыгарылганга чейин тиби бекитилүүгө тийиш. Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүнүн тартибин жана типти бекитүү белгисинин таризин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Типти бекитүү максатында ченөө каражаттарын сыноону жана стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоону Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы, ошондой эле белгиленген тартипте ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жак жүргүзөт. Кыргыз Республикасында чыгарылган же бир нускада же майда партияларда импорт боюнча алынган, же алгачкы текшерүүлөрдүн, метрологиялык аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча ченөө каражаттарын колдонууга жол берилет. Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жөнүндө чечим ченөө каражаттарын сыноонун жана стандарттык үлгүлөрдү лабораториялар аралык аттестациялоонун оң жыйынтыктарынын негизинде Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан кабыл алынат жана белгиленген формадагы документ менен күбөлөндүрүлөт. Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген тиби Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы жүргүзгөн ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрүнүн Мамлекеттик реестрине киргизилет. Бекитилген типтин ченөө каражаттарына жана ар бир нускасын коштогон пайдалануучу документтерге белгиленген формада ченөө каражаттарынын тибин бекитүү белгиси коюлат. Стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүдө пайдаланылуучу документтерге типти бекитүү белгиси түшүрүлөт. Типти бекитүүдө ченөө каражаттарынын текшерүү аралыгындагы интервал жана стандарттык үлгүлөрдүн аракеттенүү мөөнөтү белгиленет. (КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-10)
