9-статья. Ченөө каражаттарынын жана заттар менен материалдардын
Күчүн жоготкон · 09.07.2014 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 9 июля 2014 года № 118.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 мая 2012 года № 71
курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнүн тибин бекитүү
Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген, же Кыргыз Республикасында чыгарылган ченөө каражаттары жана стандарттык үлгүлөрү жүгүртүүгө чыгарылганга чейин тиби бекитилүүгө тийиш. Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүнүн тартибин жана типти бекитүү белгисинин таризин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Типти бекитүү максатында ченөө каражаттарын сыноону жана стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоону Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы, ошондой эле белгиленген тартипте ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жак жүргүзөт. Кыргыз Республикасында чыгарылган же бир нускада же майда партияларда импорт боюнча алынган, же алгачкы текшерүүлөрдүн, метрологиялык аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча ченөө каражаттарын колдонууга жол берилет. Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жөнүндө чечим ченөө каражаттарын сыноонун жана стандарттык үлгүлөрдү лабораториялар аралык аттестациялоонун оң жыйынтыктарынын негизинде Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан кабыл алынат жана белгиленген формадагы документ менен күбөлөндүрүлөт. Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген тиби Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы жүргүзгөн ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрүнүн Мамлекеттик реестрине киргизилет. Бекитилген типтин ченөө каражаттарына жана ар бир нускасын коштогон пайдалануучу документтерге белгиленген формада ченөө каражаттарынын тибин бекитүү белгиси коюлат. Стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүдө пайдаланылуучу документтерге типти бекитүү белгиси түшүрүлөт. Типти бекитүүдө ченөө каражаттарынын текшерүү аралыгындагы интервал жана стандарттык үлгүлөрдүн аракеттенүү мөөнөтү белгиленет. (КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202183/st-9" title="9-статья - Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>