# 8-статья. Ченөө каражаттары

- Документ: [Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202183)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 149 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 июля 2014 года № 118 "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 мая 2012 года № 71 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/203671)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183#diff=563015..563016>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3621/edition/563015/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202183/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө, 8-статья (09.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-8

---

Ченөө каражаттары чоңдуктардын маанисин, Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте колдонууга уруксат берилген бирдиктерди аныктоо үчүн пайдаланылат. Ченөө каражаттарына ченемдер, заттардын жана материалдардын курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрү, ченөө приборлору, ченөө системалары жана комплекстери, ошондой эле ченөөнүн милдеттерин аткарган башка түзүлүштөр кирет. Ченөө каражаттарына техникалык каражаттарды киргизүү жөнүндө чечимди Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы кабыл алат. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө тиешелүү ченөөнү жүргүзүүдө ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте тиби бекитилген, метрологиялык аттестациядан жана текшерүүдөн өткөн ченөө каражаттары колдонулушу керек. Ченөө каражаттарына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. (КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-9)
