# 7-статья. Чоңдуктун бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондору

- Документ: [Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202183)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 149 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 июля 2014 года № 118 "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 мая 2012 года № 71 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/203671)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183#diff=563015..563016>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3621/edition/563015/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202183/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө, 7-статья (09.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-7

---

Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун системасы өлкөнүн улуттук метрологиялык инфраструктурасынын бөлүгү болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын керектөөлөрүнө ылайык анын техникалык өнүгүшү менен байланышкан чоңдуктун мыйзамдаштырылган бирдиктерин жайылтуу жана колдоо үчүн түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун Мамлекеттик реестрин жүргүзүү, чоңдук бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү тартибин бекитет. Кыргыз Республикасынын улуттук эталондору ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитүүгө жатат. Кыргыз Республикасынын улуттук эталондору Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелет жана менчиктештирүүгө жатпайт. Эталондук базаны өнүктүрүү жана өркүндөтүү, эларалык эталондорго Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун байкоо жүргүзүүсүн камсыздоо, аларды сактоо тартиби, чоңдук бирдиктеринин ченемдерин кайра өндүрүп чыгаруу, башка ченөө каражаттарына жана жумушчу эталондоруна бул чоңдук бирдиктеринин ченемин өткөрүп берүү эталондорду кармоочулар тарабынан камсыздалат. (КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-8)
