7-статья. Чоңдуктун бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондору
Күчүн жоготкон · 09.07.2014 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 9 июля 2014 года № 118.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 мая 2012 года № 71
Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун системасы өлкөнүн улуттук метрологиялык инфраструктурасынын бөлүгү болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын керектөөлөрүнө ылайык анын техникалык өнүгүшү менен байланышкан чоңдуктун мыйзамдаштырылган бирдиктерин жайылтуу жана колдоо үчүн түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун Мамлекеттик реестрин жүргүзүү, чоңдук бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү тартибин бекитет. Кыргыз Республикасынын улуттук эталондору ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитүүгө жатат. Кыргыз Республикасынын улуттук эталондору Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелет жана менчиктештирүүгө жатпайт. Эталондук базаны өнүктүрүү жана өркүндөтүү, эларалык эталондорго Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун байкоо жүргүзүүсүн камсыздоо, аларды сактоо тартиби, чоңдук бирдиктеринин ченемдерин кайра өндүрүп чыгаруу, башка ченөө каражаттарына жана жумушчу эталондоруна бул чоңдук бирдиктеринин ченемин өткөрүп берүү эталондорду кармоочулар тарабынан камсыздалат. (КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202183/st-7" title="7-статья - Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>