# 5-статья. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун улуттук системасы

- Документ: [Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202183)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 149 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 июля 2014 года № 118 "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 мая 2012 года № 71 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/203671)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183#diff=563015..563016>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3621/edition/563015/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202183/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө, 5-статья (09.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-5

---

Ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун улуттук системасы, ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү эрежелеринин жыйындыларын, алардын катышуучуларын жана бүтүндөй ченөө бирдейлигин камсыз кылуу системасынын иштөө эрежелерин көрсөтөт. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун улуттук системасынын катышуучулары болуп төмөндөгүлөр эсептелет: бул тармакта ченөө бирдейлигин камсыз кылуу системасынын иштөө жана иштерди аткаруу эрежелерин белгилеген ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органы; Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорун түзүү, сактоо жана колдонуу, баштапкы эталондорду бекитүү, ченөө каражаттарынын тибин бекитүү, текшерүү жана метрологиялык аттестациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы; ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптардын сакталышын текшерүүнү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы; метрологиялык жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын башка кызматтары; ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча ишмердикти ишке ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө иштерди аткарууда метрологиялык кызматты же башка ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча уюштуруучулук түзүмдү түзүү милдеттүү болуп эсептелет. (КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-6)
