# 3-статья. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча ишмердикти

- Документ: [Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202183)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 149 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 июля 2014 года № 118 "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205339)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3621/edition/563015/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202183/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө, 3-статья (09.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-3

---

мамлекеттик жөнгө салуу

Кыргыз Республикасында ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча ишмердикти мамлекеттик жөнгө салуу (мындан ары мамлекеттик жөнгө салуу) жана улуттук саясатты жүргүзүүнү иштеп чыгуу жана координациялоо ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органга жүктөлөт. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын компетенциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Жобо менен аныкталат. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсү төмөндөгүлөргө таркатылат: саламаттык сактоо, ветеринария, курчап турган чөйрөнү коргоо; эмгектин жана транспорттун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу; өндүрүп чыгаруучулар (сатуучулар) менен керектөөчүлөрдүн (сатып алуучулар) ортосундагы соода операциялары жана өз ара эсептешүүлөр; техникалык жөнгө салуунун милдеттүү чөйрөсүндөгү ишмердикти ишке ашыруу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсү ишмердиктин башка түрлөрүнө да жайылтылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-4)
