# 21-статья. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча иштерди

- Документ: [Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202183)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 149 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 июля 2014 года № 118 "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205339)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3621/edition/563015/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202183/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө, 21-статья (09.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-21

---

мамлекеттик каржылоо

Республикалык бюджеттин эсебинен төмөндөгүлөр каржыланат: улуттук эталондук базаны түзүү жана өркүндөтүү, Кыргыз Республикасында ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жана ченөөнүн Эларалык бирдиктер системасына (СИ) байкоо жүргүзүү боюнча иштери; Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органынын жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын балансында турган чоңдук бирдигинин улуттук жана баштапкы эталондорун иштеп чыгуу, сатып алуу, өркүндөтүү, сактоо жана колдонуу; ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрүнүн Мамлекеттик реестрин жүргүзүү; метрология жаатындагы илимий-изилдөө иштери; эталондорду эларалык, региондук, улуттук деңгээлде салыштырууга катышуу; Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорун кармоо үчүн керектүү жайларды, жабдууларды сатып алуу жана иштеп чыгуу; тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу метрология боюнча эларалык (региондук) уюмдарга катышуу жана мүчөлүк акы төлөө; мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-22)
