# 17-статья. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл

- Документ: [Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202183)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 149 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 июля 2014 года № 118 "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205339)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3621/edition/563015/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202183/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө, 17-статья (09.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-17

---

Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө төмөндөгүлөргө ишке ашырылат: ченөө каражаттарынын чыгарылышына, абалына жана колдонуусуна, анын ичинде заттардын (материалдардын) курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнө, ченөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, метрологиялык эрежелердин жана нормалардын талаптарынын сакталышына; салмактын, көлөмдүн, чыгымдын же башка чоңдуктун жана бул товарлардын сатылган санына ылайык чыныгы маанисин аныктоо максатында соода операцияларын бүткөрүүдө бөлүнгөн товарлардын санына; таңгактагы фасовкаланган товарлардын кандай гана түрлөрүнүн саны аларды расфасовкалоодо, сатууда жана импорттоодо таңгакта камтылгандары аны ачмайын же деформацияламайын өзгөртүлүшү мүмкүн эмес, ал эми таңгакта камтылган товарлардын санын көрсөткөн салмагы, көлөмү, узундугу, аянты же башка Чоңдуктар болсо таңгакта белгиленгенин көрсөтүлгөн. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы ишке ашырат. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-18)
