# 13-статья. Юридикалык жактардын метрологиялык кызматтары

- Документ: [Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202183)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 149 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 июля 2014 года № 118 "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 мая 2012 года № 71 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/203671)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183#diff=563015..563016>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3621/edition/563015/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202183/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө, 13-статья (09.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-13

---

тарабынан ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарын сыноону жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоону жүргүзүү

Ченөө каражаттарынын айрым түрлөрү боюнча текшерүү жана калибрлөө лабораториялары жок болгон учурда, ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын чечими менен юридикалык жактардын метрологиялык кызматтарына ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында (мындан ары - тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында) ченөө каражаттарын сыноону жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоону жүргүзүү укугун берүүгө жол берилет. Тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында сыноолорду жүргүзүүгө талаптанган юридикалык жактар билдирилген ишмердиктер жагында ченөө каражаттарын жасоо, импорттоо, сатуу жана оңдоо ишин жүргүзбөөгө тийиш. Тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында сыноолорду жүргүзүүгө талаптанган юридикалык жактардын бул ишмердик үчүн зарыл болгон төмөнкү шарттары болууга тийиш:

- пайдаланылуучу эталондорунун жана ченөө каражаттарынын байкоодо болушу;

- тийиштүү иштерди жүргүзүү үчүн жабдуулар жана жайлар;

- эч кимге жан тартпаган квалификациялуу кызматкерлердин болушу;

- бул ишмердикти жүзөгө ашырып жаткан адамдардын белгиленген метрологиялык эрежелерди жана ченемдерди сакташы.

Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү, чечимди кайра чакыртып алуу максатында юридикалык жактарга сыноолорду жүргүзүүгө укук берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. (КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-14)
