# 10-статья. Ченөө каражаттарын текшерүү

- Документ: [Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202183)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 149 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 июля 2014 года № 118 "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 мая 2012 года № 71 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/203671)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183#diff=563015..563016>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3621/edition/563015/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202183/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө, 10-статья (09.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-10

---

Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулган ченөө каражаттары алгачкы жана андан кийинки (мезгилдүү) текшерүүлөргө жатат. Ченөө каражаттарын текшерүүгө көрсөтүү тартиби жана тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Ченөө каражаттарын текшерүүнү Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы, ошондой эле белгиленген тартипте ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жак жүргүзөт. Ченөө каражаттарын текшерүүнү иш жүзүнө ашыруучу адистер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте текшерүүчү катарында аттестациядан өтүүгө тийиш. Ченөө каражаттарын текшерүүнүн оң жыйынтыктары текшерүүнүн белгиси жана (же) текшерүү жөнүндө күбөлүк менен күбөлөндүрүлөт. Пайдаланылуучу документтерге текшерүү жөнүндө жазууну кошумча киргизүүгө жол берилет. Ченөө каражаттарын текшерүүнүн жыйынтыктарын тариздөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. (КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-11)
