# 1-статья. Бул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр

- Документ: [Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202183)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 149 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 июля 2014 года № 118 "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 мая 2012 года № 71 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении единства измерений"](https://aqlex.ai/kg/doc/203671)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183#diff=563015..563016>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3621/edition/563015/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202183/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө, 1-статья (09.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-1

---

Бул Мыйзамдын максаты үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат: (экинчи абзац КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) мамлекеттик метрологиялык көзөмөл - ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жагындагы ченемдик укуктук актылардын милдеттүү талаптарынын сакталышын текшерүүнү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишмердик; ченөө бирдейлиги - ченөөнүн жыйынтыктары чоңдуктардын жол берилген бирдигин туюнтууну колдонууга жана ал ченөөлөрдөгү ката жиберүү ыктымалдыгы белгилүү чегинен чыкпай тургандыгын көрсөткөн ченөө абалы; мыйзамдык метрология - мыйзамдык талаптар менен байланышкан ишмердикке таандык жана ченөөлөргө, ченөө бирдиктерине, ченөө каражаттарына жана ченөөнүн ыкмаларына тийиштүү болгон метрологиянын бөлүмү; ченөө каражаттарын калибровкалоо - ушул ченөө каражаттарынын чыныгы метрологиялык мүнөздөмөсүн аныктоо максатында ушул ченөө каражаттарынын жардамы менен алынган чоңдуктун мааниси менен чоңдуктун эталондун (үлгүнүн) жардамында аныкталган маанисинин ортосундагы катнашты белгилөөчү операциялардын жыйындысы; ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо - бул ченөө каражаттарынын метрологиялык касиеттерин аныктоо үчүн аткарылган ченөө каражаттарын изилдөө жана алынган маалыматтарды көрсөтүү менен документтерди берүү; метрологиялык экспертиза - метрологиялык талаптарды, эрежелерди жана нормаларды, биринчи иретте алардын ченөө бирдейлиги жана тактыгы менен байланышкандарын колдонуунун тууралыгын талдоо жана баалоо; метрология - ченөөлөр бирдейлигин камсыз кылуучу методдор жана алардын каражаттар жана талап кылынган тактыкка жетишүү ыкмалары жөнүндөгү илим; ченөө каражаттарын текшерүү - ченөө каражаттарынын жарактуулугун жана алардын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин ырастоо максатында аткарылуучу операциялардын жыйындысы; эталондорду салыштыруу - бирдей шарттагы бир деңгээлдик тактыктагы эталондор менен кайтадан жаралган бирдик чоңдуктарынын маанилеринин ортосундагы катнашты белгилөөчү операциялардын жыйындысы; ченөө каражаты - нормаланган метрологиялык мүнөздөмөлөрү бар, ченөө үчүн арналган техникалык каражат; заттын (материалдын) курамынын же касиетинин стандарттык үлгүсү ушул заттын (материалдын) курамын же касиеттерин мүнөздөөчү чоңдуктун өлчөмдөрүн калыбына келтирүү жана (же) сактоо үчүн арналган заттын же материалдын белгилүү саны түрүндөгү ченөө каражаты, анын мааниси ченөө каражаттарын текшерүүдө, калибровкалоодо, градуировкалоодо, ченөөлөрдү аткаруу методикаларын аттестациялоодо бардык өлчөмдөрүн берүү үчүн пайдаланылуучу жана белгиленген тартипте стандарттуу үлгү катары бекитилген метрологиялык аттестациянын натыйжасында белгиленген; ченөө каражаттарынын тибин бекитүү - ченөө каражаттарынын тиби белгиленген талаптарга шайкеш келээрлиги жөнүндө Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы чыгарган чечим; чоңдук бирдигинин эталону - бирдикти калыбына келтирүү жана (же) сактоо жана анын өлчөмдөрүн текшерүү схемасы боюнча төмөнкү деңгээлдеги ченөө каражаттарына өткөрүп берүү үчүн арналган ченөө каражаты (же ченөө каражаттарынын комплекси); баштапкы эталон - ченөөлөрдүн ушул түрүндөгү жогорку метрологиялык касиеттерге ээ болгон, ага баш ийген ченөө каражаттары андан бирдик ченемин алган эталон; улуттук эталон - мамлекеттин аймагында баштапкы сапатында ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын чечими менен таанылган эталон. (КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202183/st-2)
