# 9-статья. Репродуктивдик тандап алууга болгон укук

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202181)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 147 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2015 года № 148 "О репродуктивных правах граждан и гарантиях их реализации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3619/edition/656616/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202181/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө, 9-статья (04.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-9

---

Жарандар никеде турганда же никеден тышкары канча балалуу болушу жана алардын качан төрөлүшү жана эне менен баланын ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон төрөттөрдүн ортосундагы аралыктар жагында эркин жана жоопкерчилик менен чечим кабыл алуу укугуна ээ. Мамлекет жарандардын репродуктивдик эркин тандап алуу укугун ишке ашыруусуна кийлигишпөө кепилдигин берет. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар жарандардын өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашырышы менен байланышкан маалыматты жашыруун сактоого милдеттүү. Жарандар өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашырышы менен байланышкан органдардын, уюмдардын жана кызмат адамдарынын жасаган аракеттерине (же аракетсиздигине) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдарга же сотко даттануу жолу менен өздөрүнүн репродуктивдүү укуктарын коргоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-10)
