# 7-статья. Жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202181)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 147 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2015 года № 148 "О репродуктивных правах граждан и гарантиях их реализации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3619/edition/656616/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202181/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө, 7-статья (04.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-7

---

Жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

- репродуктивдик укуктарды коргоо жагынан мамлекеттик жалпы саясатты жүргүзөт;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде жарандардын репродуктивдик саламаттыгын сактоо маселелери боюнча ченемдик-укуктук актыларды чыгарат;

- жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо маселелери боюнча ведомстволор аралык координациялоону жүзөгө ашырат;

- жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо системасын өнүктүрүү жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча кызмат көрсөтүү чаралары аныктайт;

- репродуктивдик ден соолук жагындагы маалыматтык жана агартуучулук ишти камсыз кылат;

- мамлекеттик жана мамлекеттик эмес саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле медициналык практикага лицензиясы бар жеке жактардын калкка көрсөткөн медициналык кызматтарынын сапатына жана ачыктыгына контролду жүзөгө ашырат;

- жарандарга химиялык стерилдештирүүнү, кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотууну, донорлукту жасоонун жана жыныстык клеткаларын сактоонун, көмөкчү репродуктивдик методдор менен технологияларды колдонуунун тартибин жана шарттарын аныктайт.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-8)
