7-статья. Жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Күчүн жоготкон · 04.07.2015 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 4 июля 2015 года № 148.
Жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- репродуктивдик укуктарды коргоо жагынан мамлекеттик жалпы саясатты жүргүзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде жарандардын репродуктивдик саламаттыгын сактоо маселелери боюнча ченемдик-укуктук актыларды чыгарат;
- жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо маселелери боюнча ведомстволор аралык координациялоону жүзөгө ашырат;
- жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо системасын өнүктүрүү жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча кызмат көрсөтүү чаралары аныктайт;
- репродуктивдик ден соолук жагындагы маалыматтык жана агартуучулук ишти камсыз кылат;
- мамлекеттик жана мамлекеттик эмес саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле медициналык практикага лицензиясы бар жеке жактардын калкка көрсөткөн медициналык кызматтарынын сапатына жана ачыктыгына контролду жүзөгө ашырат;
- жарандарга химиялык стерилдештирүүнү, кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотууну, донорлукту жасоонун жана жыныстык клеткаларын сактоонун, көмөкчү репродуктивдик методдор менен технологияларды колдонуунун тартибин жана шарттарын аныктайт.
Берененин тексти 04.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202181/st-7" title="7-статья - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>