# 5-статья. Жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кепилдиктер

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202181)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 147 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2015 года № 148 "О репродуктивных правах граждан и гарантиях их реализации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3619/edition/656616/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202181/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө, 5-статья (04.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-5

---

Жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекет төмөндөгүдөй кепилдиктерди берет:

- Кыргыз Республикасынын демографиялык жактан өнүгүшүн жакшыртууга багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгууга, кабыл алууга жана каржылоого;

- жарандардын репродуктивдик саламаттык сактоо стандарттарын иштеп чыгууга жана аткарууга;

- жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жагындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, алардын репродуктивдик ден соолугун жакшыртуу үчүн заманбап методдор менен технологияларды киргизүүгө;

- репродуктивдик саламаттык сактоо жагынан медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарт түзүүгө;

- мамлекеттик программалардын чегинде юридикалык, социалдык, маалымат-методикалык жактан колдоо көрсөтүүлөрдү камсыз кылууга;

- репродуктивдик ден соолукту сактоо жагынан менчиктин бардык түрүндөгү кызмат көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары үчүн акниет атаандаштыктын бирдей шарттарын түзүүгө;

- жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууну көзөмөлдөөнү жана координациялоону жүзөгө ашырууга;

- репродуктивдик саламаттык сактоо боюнча кепилдик берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүүгө.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-6)
