# 4-статья. Жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо жагындагы мамлекеттик саясат

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202181)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 147 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2015 года № 148 "О репродуктивных правах граждан и гарантиях их реализации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3619/edition/656616/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202181/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө, 4-статья (04.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-4

---

Жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо жагындагы мамлекеттик саясат төмөндөгүлөргө багытталган:

- үй-бүлө институтун ар тараптан чыңдоого;

- балдардын төрөлүшү үчүн ата-энелерде жоопкерчилик сезимин тарбиялоо жолу менен ден соолугу таза, эңсеген балдардын төрөлүшүнө жарандардын аң-сезимдүү мамиле кылуусун калыптандырууга;

- жарандардын репродуктивдик саламаттыгын сактоо системасын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө;

- үй-бүлөлүк милдеттерди тандап алууда жана ишке ашырууда ата-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын укуктары менен эркиндиктеринин теңдигин камсыз кылган жана артыкчылыктарын, улуттук жакшы каада-салттарды сактаган гендердик өнүгүүнү кеңири киргизүүгө жана жигердүү жайылтууга.

Кыргыз Республикасында жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери:

- репродуктивдик укуктарын ишке ашырган учурдагы адам укуктарынын сакталышынын артыкчылыгы;

- репродуктивдик көйгөйлөрдү чечкен учурдагы гумандуулук, сый мамиле жасоо, маалыматтын купуялуулугу;

- репродуктивдик саламаттык сактоону уюштуруунун бардык баскычтарындагы медициналык - санитардык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жана жогорку сапаты;

- мамлекеттик программалардын Кыргызстандагы демографиялык өнүгүүнү жакшыртууга багыт алышы болуп саналат.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-5)
