# 22-статья. Каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуунун хирургиялык методун пайдалануу укугу

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202181)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 147 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2015 года № 148 "О репродуктивных правах граждан и гарантиях их реализации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3619/edition/656616/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202181/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө, 22-статья (04.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-22

---

Каалабаган кош бойлуулуктун ыктыярдуу алдын алуунун хирургиялык методун пайдалануу укугуна (хирургиялык стерилизациялоого) нике жашына толгон жана өзү үчүн репродукция маселесин чечкен жарандар ээ болушат. Каалабаган кош бойлуулуктун алдын алган учурда хирургиялык стерилизациялоо методу репродуктивдик функциясын аткарууга тоскоолдук кылган өтө оор ооруу менен ооруган жарандарга да колдонулушу мүмкүн. Жарандар хирургиялык стерилизациялоонун кайра кайталанбай тургандыгы тууралу кабардар болуу укугуна, хирургиялык стерилизациялоодон баш тартуу укугуна ээ болушат. Хирургиялык стерилизациялоону өткөрүүнүн шарттары жана тартиби, ошондой эле хирургиялык стерилизациялоону өткөрүү үчүн медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат. Хирургиялык стерилизациялоо жарандын же саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарындагы алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Хирургиялык стерилизациялоонун белгиленген тартибин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-23)
