22-статья. Каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуунун хирургиялык методун пайдалануу укугу
Күчүн жоготкон · 04.07.2015 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 4 июля 2015 года № 148.
22-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 22-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Каалабаган кош бойлуулуктун ыктыярдуу алдын алуунун хирургиялык методун пайдалануу укугуна (хирургиялык стерилизациялоого) нике жашына толгон жана өзү үчүн репродукция маселесин чечкен жарандар ээ болушат. Каалабаган кош бойлуулуктун алдын алган учурда хирургиялык стерилизациялоо методу репродуктивдик функциясын аткарууга тоскоолдук кылган өтө оор ооруу менен ооруган жарандарга да колдонулушу мүмкүн. Жарандар хирургиялык стерилизациялоонун кайра кайталанбай тургандыгы тууралу кабардар болуу укугуна, хирургиялык стерилизациялоодон баш тартуу укугуна ээ болушат. Хирургиялык стерилизациялоону өткөрүүнүн шарттары жана тартиби, ошондой эле хирургиялык стерилизациялоону өткөрүү үчүн медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат. Хирургиялык стерилизациялоо жарандын же саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарындагы алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Хирургиялык стерилизациялоонун белгиленген тартибин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.
Берененин тексти 04.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202181/st-22" title="22-статья - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>