# 20-статья. Жасалма жол менен уруктандыруу

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202181)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 147 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2015 года № 148 "О репродуктивных правах граждан и гарантиях их реализации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3619/edition/656616/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202181/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө, 20-статья (04.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-20

---

Жарандар зарыл болгон учурда жасалма жол менен уруктандыруу методдорун - инсеминацияны, эмбрионду имплантациялоону жана экстракорпоралдык уруктандырууну пайдалануу менен балалуу болуу укугуна ээ болушат. Нике жашына толгон аял медициналык жагдайлар боюнча терс көрсөткүчтөрү болбогон учурда жасалма жол менен уруктандыруу укугуна ээ. Жасалма жол менен уруктандыруу жубайлардын, болбосо никеде турбаган аялдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашырылат. Мында оорунун өтө тукум куучулук ыктымалдуулугу билинген учурду кошпогондо, болочок баланын жынысын тандоого жол берилбейт. Жасалма уруктандыруунун жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалымат врачтык жашыруун сырды түзөт. Жарандар жасалма уруктандыруунун жол-жоболору, анын натыйжаларынын медициналык жана укуктук аспекттери, донорду медициналык-генетикалык жактан текшерүүнүн жыйынтыктары, донордун тышкы сын-сыпаты жана улуту жөнүндө маалымат алууга укуктуу. Тийиштүү маалыматтар медициналык кийлигишүүнү жүзөгө ашырган дарыгер тарабынан берилет. Конкреттүү адамдын тукум улоосун кошпогондо, адам эмбрионун коммерциялык, аскердик, өнөржайлык жана башка максаттар үчүн алууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-21)
