20-статья. Жасалма жол менен уруктандыруу
Күчүн жоготкон · 04.07.2015 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 4 июля 2015 года № 148.
Жарандар зарыл болгон учурда жасалма жол менен уруктандыруу методдорун - инсеминацияны, эмбрионду имплантациялоону жана экстракорпоралдык уруктандырууну пайдалануу менен балалуу болуу укугуна ээ болушат. Нике жашына толгон аял медициналык жагдайлар боюнча терс көрсөткүчтөрү болбогон учурда жасалма жол менен уруктандыруу укугуна ээ. Жасалма жол менен уруктандыруу жубайлардын, болбосо никеде турбаган аялдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашырылат. Мында оорунун өтө тукум куучулук ыктымалдуулугу билинген учурду кошпогондо, болочок баланын жынысын тандоого жол берилбейт. Жасалма уруктандыруунун жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалымат врачтык жашыруун сырды түзөт. Жарандар жасалма уруктандыруунун жол-жоболору, анын натыйжаларынын медициналык жана укуктук аспекттери, донорду медициналык-генетикалык жактан текшерүүнүн жыйынтыктары, донордун тышкы сын-сыпаты жана улуту жөнүндө маалымат алууга укуктуу. Тийиштүү маалыматтар медициналык кийлигишүүнү жүзөгө ашырган дарыгер тарабынан берилет. Конкреттүү адамдын тукум улоосун кошпогондо, адам эмбрионун коммерциялык, аскердик, өнөржайлык жана башка максаттар үчүн алууга тыюу салынат.
Берененин тексти 04.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202181/st-20" title="20-статья - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>