# 18-статья. Карын эне методун пайдалануу

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202181)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 147 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2015 года № 148 "О репродуктивных правах граждан и гарантиях их реализации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3619/edition/656616/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202181/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө, 18-статья (04.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-18

---

Зарыл болгон учурда жарандар карын эне методун пайдалануу менен ата-эне болуу укугуна ээ болушат. Карын эне методун пайдалануу нотариуста күбөлөндүрүлгөн келишимдин негизинде гана болушу мүмкүн. Эгерде карын эне никеде турса келишим түзүүгө жубайынын макулдугу керек болот. Келишим жубайлардын ортосунда же алардын таламдарын билдирген өкүлдөр менен түйүлдүктү көтөрүү жана бала төрөө максатында эмбрионду имплантациялоого макулдук берген аялдын (карын эненин) ортосунда, баланын төрөлүү мөөнөтүнө карабастан түзүлөт. Жашы 20дан 35ке чейинки, психикалык жана соматикалык жактан ден соолугу таза, медициналык-генетикалык консультациядан өткөн аял карын эне боло алат. Карын эне жаңыдан гана боюна бүткөндө (12 жумага чейин) медициналык көзөмөлдө турууга, үзгүлтүксүз көрүнүп турууга жана врачтын сунуштамаларын так аткарууга, өзүнүн ден соолугунун абалына дайыма кам көрүүгө, тамеки чегүүдөн, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алкогол ичимдиктерин кабыл алуудан баш тартууга, жубайлардан бөлөк жашаган учурда кош бойлуулуктун өтүшү жөнүндө аларга айтып турууга милдеттүү. Эмбрионду карын энеге имплантациялоого макулдук берген жубайлар келишимге ылайык кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде анын ден соолугун чыңдоого байланышкан материалдык чыгымдарды көтөрүшөт. Өз ара никеде турушкан жана боюна көтөрүү максатында башка аялга эмбрионду имплантациялоого келишим түзгөн адамдар, бала төрөлгөн учурда жарандык абалдын актыларын жазуу китебине анын ата-энелери болуп жазылышат. Карын эне менен келишим түзгөн жубайлар жарандык абалдын актыларын жазуу китебине аны өздөрүнүн атына каттаткан учурга чейин баладан баш тартууга акылары жок. Жубайлардын ата-эне катары жазылуудан баш тартуусу карын эне тарабынан ал баланы кабыл алууга макулдугун берген учурда гана болушу мүмкүн. Мында жубайлар ага келишимде белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсация төлөп беришет. Бала өлүү төрөлгөндө же болбосо карын эне менен келишим түзгөн адамдар баладан баш тарткан учурда, алар карын энеден ага медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөп берүү менен байланышкан кандайдыр бир материалдык чыгымдарды, ошондой эле эгерде сыйакы болсо - ал сумманы кайра талап кылууга акылары жок. Карын эне төрөлгөн баланы аны менен келишим түзгөн жубайлардан башка эч кимге берүүгө акысы жок. Карын эне баланы ата-энесине бергенден кийин ал балага карата бардык укуктарын жоготот. Андан кийин балага жана анын ата-энесине карата ар кандай аракеттери үчүн карын эне Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-19)
