# 16-статья. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу укугу

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202181)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 147 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2015 года № 148 "О репродуктивных правах граждан и гарантиях их реализации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3619/edition/656616/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202181/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө, 16-статья (04.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-16

---

Мөөнөтү 12 жумадан ашпаган кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу (бойдон алдыруу) операциясы аялдын каалоосу боюнча жасалат. Социалдык көрсөткүчтөр боюнча кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу кош бойлуулук 22 жумага чейинки мөөнөттө жубайлардын экөөсүнүн же никеде турбаган аялдын макулдугу менен, ал эми медициналык көрсөткүчтөр боюнча - кош бойлуулуктун мөөнөтүнө карабастан жүргүзүлө берет. Саламаттык сактоо уюмдары кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу тууралу же медициналык көрсөткүчтөр боюнча кош бойлуулукту токтотуудан баш тартуу тууралу чечим кабыл алган аялга анын ден соолугу үчүн мүмкүн болуучу терс кесепеттер жөнүндө айтууга милдеттүү. Жашы жетелектердин кош бойлуулугун жасалма жол менен токтотуу жашы жетелектердин өз ара, ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен жүргүзүлөт. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу медициналык иштин мындай түрүнө лицензиясы бар саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотконго чейин жана андан кийин аялдарга милдеттүү түрдөгү медициналык-социалдык консультациялар берилүү менен кийинчерээк каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу каражаттарын тандоо жүргүзүлөт. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотууну жүргүзүүнүн шарттары менен тартиби жана кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан, ал эми социалдык көрсөткүчтөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуунун белгиленген тартибин бузуу мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке кириптер кылат.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-17)
