# 15-статья. Тукумсуздуктан дарылануу укугу

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202181)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 147 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2015 года № 148 "О репродуктивных правах граждан и гарантиях их реализации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3619/edition/656616/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202181/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө, 15-статья (04.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-15

---

Жарандар тукумсуздуктан коопсуз жана натыйжалуу методдор, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген көмөкчү репродуктивдик методдорду жана технологияларды пайдалануу менен дарыланууга укуктуу. Пациенттер алып жаткан медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугу жана натыйжалуулугу, колдонуунун алгылыктуу мөөнөттөрү, мүмкүн болгон өтүшүп кетүүлөр, медициналык жана укуктук кесепеттери тууралу бардык жана толук кабарларды жана алардын организмге тийгизе турган таасирине тиешелүү дагы башка маалыматтарды алуулары тийиш. Катталган никеде турушкан жарандар өз ара макулдашуу менен гана репродуктивдик көмөкчү методдорду жана технологияларды пайдаланууга укуктуу. Репродуктивдик көмөкчү методдор менен технологияларды пайдаланууга макулдук беришкен жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык болочок балага карата аны тарбиялоо жана багуу боюнча ата-энелердин бирдей укуктарына жана милдеттерине ээ болушат. Көмөкчү репродуктивдик технологияларды колдонуу менен тукумсуздукту дарылоо мындай медициналык практикага лицензиясы бар саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-16)
