# 14-статья. Эне болуу укугу

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202181)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 147 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2015 года № 148 "О репродуктивных правах граждан и гарантиях их реализации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3619/edition/656616/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202181/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө, 14-статья (04.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-14

---

Аял эне болууга, кош бойлуу мезгилинде ден соолугун сактоого, төрөгөн учурда жана төрөттөн кийинки мезгилде өзүнүн ден соолугу, түйүлдүктүн жана көз жарган ымыркайдын ден соолугу үчүн тобокелчиликти азайтуучу методдорду колдонуу менен медициналык жардам алууга укуктуу. Кош бойлуу кезиндеги медициналык ар кандай кийлигишүү жубайлардын экөөсүнүн тең же болбосо никеде турбаган аялдын макулдугу менен жүзөгө ашырылат. Кош бойлуу аялдын өмүрү үчүн коркунучтуу жагдайларда чечим медициналык мекеменин тийиштүү адистери тарабынан кабыл алынат. Аялдын кош бойлуулукка, боюнан алдырууга мажбурлануусу мүмкүн эмес. Мындай аракеттерди аялга зордук көрсөтүү катары кароо керек. Аялдарды буларга мажбур кылышкан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-15)
