14-статья. Эне болуу укугу
Күчүн жоготкон · 04.07.2015 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 4 июля 2015 года № 148.
Аял эне болууга, кош бойлуу мезгилинде ден соолугун сактоого, төрөгөн учурда жана төрөттөн кийинки мезгилде өзүнүн ден соолугу, түйүлдүктүн жана көз жарган ымыркайдын ден соолугу үчүн тобокелчиликти азайтуучу методдорду колдонуу менен медициналык жардам алууга укуктуу. Кош бойлуу кезиндеги медициналык ар кандай кийлигишүү жубайлардын экөөсүнүн тең же болбосо никеде турбаган аялдын макулдугу менен жүзөгө ашырылат. Кош бойлуу аялдын өмүрү үчүн коркунучтуу жагдайларда чечим медициналык мекеменин тийиштүү адистери тарабынан кабыл алынат. Аялдын кош бойлуулукка, боюнан алдырууга мажбурлануусу мүмкүн эмес. Мындай аракеттерди аялга зордук көрсөтүү катары кароо керек. Аялдарды буларга мажбур кылышкан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Берененин тексти 04.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202181/st-14" title="14-статья - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>