# 13-статья. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн репродуктивдик укуктарды сактоо жагындагы укуктары

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202181)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 147 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2015 года № 148 "О репродуктивных правах граждан и гарантиях их реализации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111191)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3619/edition/656616/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202181/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө, 13-статья (04.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-13

---

Балдар менен өспүрүмдөр өздөрүнүн репродуктивдик ден соолугун сактоо, ошондой эле жыныстык жана репродуктивдик саламаттык, үй-бүлөлүк жашоо-тиричилигине даярдоо чөйрөсүндө билим алууга жана тарбияланууга укуктуу. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн жыныстык жана репродуктивдик ден соолугу жагындагы билим деңгээлин жогорулатууга ата-энелер, билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо уюмдары жооптуу. Окутуу өспүрүмдөрдүн керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыккан жана билим берүү органдары тарабынан бекитилген программалар боюнча жүзөгө ашырылат. Медициналык жактан ар кандай кийлигишүү өспүрүмдөрдүн жана ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өз ара макулдугу менен жашыруун сырды сактаганда жана балдар менен өспүрүмдөргө боорукер мамиле жасаганда жүзөгө ашырылат. Балдарга жана өспүрүмдөргө репродуктивдик ден соолугун сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр Мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан акысыз көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202181/st-14)
