1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 04.07.2015 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 4 июля 2015 года № 148.
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: көмөкчү репродуктивдик технологиялар - адамдын репродуктивдик иш-аракеттерин (функциясын) оңдоп-түзөөгө багытталган медициналык иш чаралардын комплекси; имплантация - уруктандырылган ургаачынын клеткаларын жатындын көңдөйүнө салуу; инсеминация - эркектердин жыныстык клеткаларын жатындын көңдөйүнө жасалма жол менен салуу; контрацепция - каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу методдору жана каражаттары; жасалма жол менен уруктандыруу - тукумсуздукту дарылоо методдору, мында бойго бүтүү жана эмбриондун алгачкы өнүгүшүнүн айрым же бардык этаптары организмден тышкары жүзөгө ашырылат. пациент - саламаттык сактоо уюмдарында же тиешелүү медициналык документация менен жол-жоболоштурулган өзалдынча иш алып барган медициналык кызматкерлер тарабынан медициналык-санитардык жардам көрсөтүлгөн адам; үй-бүлөнү пландаштыруу - белгилүү бир сандагы балалуу болууну жана тарбиялап өстүрүүнү, алардын төрөлүшүнүн ортосундагы аралыкты сактоону, ошондой эле жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоону жарандардын аң-сезимдүү тандап алуусуна багытталган социалдык, медициналык жана укуктук чараларынын системасы; репродукция - тукум улоо; репродуктивдик ден соолук - алты саны аман, акыл-эси жайында жана анын тукум улоо жөндөмдүүлүгүн аныктай турган жана бакубат турмушта жашаган адам; репродуктивдик укуктар - жарандардын тукум улоо, алардын репродуктивдик ден соолугун сактоо жана никеде турган же никеден тышкары балдардын төрөлүшүнө, же балдардын төрөлүшүнөн баш тартууга карата чечимдерди эркин кабыл алуу, ошондой эле бул чөйрөдөгү медициналык-социалдык, маалыматтык жана консультациялык жардам алуу укуктары; карын эне - анын жатынынын көңдөйүнө донордук эмбрион салынган, донордук эмбриондун түйүлдүгүн көтөрүп жүргөн аял; хирургиялык стерилдештирүү - хирургиялык кийлигишүү, анын натыйжасында адам тукум калтыруу жөндөмдүүлүгүнөн ажырайт.
Берененин тексти 04.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202181/st-1" title="1-статья - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>